Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммити

Евразия күндеми-14

1913587
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммити

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Арменияда болуп өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммити жана аты аталган уюмдун келечеги тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрь күнү Армениянын борбору Ереван шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммити болуп өттү. Саммитке Беларусиянын, Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышты. Саммитте аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер, уюмдун күн тартибинде турган көйгөйлөр жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян саммиттин жыйынтыгы боюнча документте Азербайжандын агрессор мамлекет катары көрсөтүлүшүн талап кылды. Башка мамлекеттер бул сунушту кабыл албагандыктан Пашинян саммиттин документине кол койбой өз каршылыгын көрсөттү. Массалык маалымат каражаттарында Армениянын уюмдан чыгаары тууралуу кабарлар чыкты. Ушундан улам “Уюмдун келечеги кандай болот?”- деген суроо туулат.

Армениядагы кээ бир күчтөр уюм Азербайжан-Армения согушунда бизге жардам бербеди деген жүйө менен Армениянын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) чыгышын талап кылышууда. Саммит күнү Еревандын көчөлөрүндө Орусияга жана уюмга каршы нааразылык акциялары өттү. Армениянын азыр уюмдан чыгуусу мүмкүн эмес. Анткени Арменияга Орусиянын тынчтык миссиясынын күчтөрү керек. Премьер-министр Пашиняндын Саммиттеги нааразылыгын ички саясат менен байланыштырып караган оң.

Саммиттен кийин Казакстандын президентинин расмий сайтында 2023-жылдын 1-январынан тарта уюмдун башкы катчысы болуп мурдагы премьер-министр Имангали Тасмагамбетов дайындала турганы тууралуу маалымат таратылды. Бул абал Армениянын өз талабын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) ала албашына жана уюмдун Карабах жаңжалына байланыштуу азыркы позициясынын улана бере турганына ишарат кылат. Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Саммит алдында билдирүү жасап, Арменияга караганда Азербайжандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунда (ЖККУ) достору көп экенин билдирген. Орусия Армениянын коргоочусу катары көрүнгөнү менен Карабах маселесинде Азербайжан менен Түркияга каршы келе турган кадамдарга бара албай тургандыгы айдан ачык.

 Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Саммитте сүйлөгөн өз сөзүндө уюмдун тагдыры Орусиянын Украинадагы “атайын операциясынын” ийгилигинен көз каранды экендигин, эгер согушта Орусия жеңилсе уюм да жабыла турганын айтты. Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Орусиянын лидерлиги астында түзүлгөн уюмдун келечеги чындап эле Орусиянын абалына түздөн-түз көз каранды.

Акыркы 30 жыл аралыгында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) олуттуу ийгиликтерге жетишкен жок. Кыргызстан-Тажикстан, Кыргызстан-Өзбекстан жана Азербайжан-Армения чек ара көйгөйлөрүндө уюм чек ара маселесин чечүүгө салым кошо алган жок.

Башында уюмга мүчө мамлекеттердин саны тогуз болсо, убакыттын өтүшү менен бул сан алтыга кыскарган. Азыркы шарттарда уюмду кеңейтүү да мүмкүн эмес.

Украина-Орусия согушунда Беларусиядан башка уюмга мүчө мамлекеттер Орусиянын Украинадагы “аскердик операциясын” колдогон билдирүү жасашкан жок.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Казакстанда болгон окуяларда уюмдун тынчтык миссиясынын күчтөрү Казакстандагы кырдаалды турукташтырууга салым кошту. Бул уюмдун тарыхындагы эң маанилүү окуя десек жаңылышпайбыз. Бирок уюмдун бул ийгилиги деле анын НАТО үлгүсүндөгү эл аралык коопсуздук уюмуна айлангандын ордуна аймактык полициянын позициясында экенин көрсөтүп турат.

Программаны даярдаган; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар