Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин Албанияга иш сапары

Евразия күндеми-13

1910986
Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин Албанияга иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин Албанияга жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Албанияда алгачкы расмий сапары менен болду. Албаниянын президенти Байрам Бегай азербайжандык кесиптешин “Бригад” сарайында салтанат менен тосуп алды. Тет-а-тет форматында жана делегациялар аралык жолугушуулар болду. Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн президенттери маалымат жыйынын өткөрүштү.

Маалымат жыйынында президенттер энергетика, туризм, экономика жана соода сыяктуу тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн айтышты. Президент Илхам Алиев өз өлкөсүнүн Албаниянын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестиция салууга даяр экендигин жана Албанияны жаратылыш газы түтүктөрү менен жабдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин билдирди. Мындан сырткары эки мамлекет келерки жылдан тарта Жогорку Кызматташтык Кеңешинин жыйынын өткөрүү чечимине келишти.

Макулдашылган дагы бир маанилүү чечим, Азербайжандын Тиранада элчилик ача тургандыгы болду. Белгилүү болгондой, Азербайжандын Грециядагы элчиси Албаниядагы элчиси милдетин биргеликте аткарып келет.

Иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Албаниянын Премьер-министри Эди Рама менен жолугушту. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Албаниянын Премьер-министри Рама Азербайжанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Бакуда Президент Алиев менен жолугушкан. 

Көрүнүп тургандай, Азербайжан-Албания мамилелери өнүгүп жатат. Тараптар биринчи кезекте энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүп жатышат. Азербайжан менен Албания Транс-Адриатикалык жаратылыш газы линиясын куруу долбоорунда көп жылдардан бери бирге иштешүүдө. Азербайжан үстүбүздөгү жылдын июль айында Европа Биримдиги менен жаратылыш газынын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү келишимине кол койгон. Бул келишимди ишке ашырууда, Азербайжан үчүн Албания сатып алуучу жана транзиттик өлкө катары маанилүү болуп саналат. Ушундан улам декабрь айында Түркмөнстанда өтө турган Азербайжан-Түркия-Түркмөнстан үч тараптуу саммити чоң мааниге ээ. Энергетика тармагындагы бул окуяларга баа берүү аркылуу, Азербайжан менен Албаниянын карым-катнаштарынын мындан ары дагы да өнүгө турганын айта алабыз. Орусия-Батыш кризиси чечилбесе, Азербайжан Европанын энергетикалык коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчилик алат.

Азербайжан-Албания саясий мамилелери да жогорку деңгээлде. Азербайжандын Президенти Илхам Алиев алгачкы сапарын Албанияга эми жасаганы менен Албаниянын лидерлери Азербайжанга тез-тез иш сапар менен келип турушат. Мисалы, Албаниянын мурдагы президенти Илир Мета үстүбүздөгү жылдын июнь айында 9-Глобалдык Баку форумуна катышып, президент Алиев менен жолугушкан. Албаниянын президенттери Глобалдык Баку форумуна дайыма катышышат. Премьер-министр Эди Рама мындан жети ай мурда Азербайжанда иш сапары менен болгонун айтып өттүк. Тараптар Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, НАТО, Кара Деңиз Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдарда кызматташууну улантууда. Баку жана Тирана бийлиги эл аралык аренада бири-бирине колдоо көрсөтүп келет.

Жалпысынан Азербайжандын Батыш өлкөлөрү менен мамилеси өнүгүп жатат. Арменияны колдогон Францияны эсепке албасак, Азербайжан бийлиги Европанын көптөгөн өлкөлөрү менен мамилесин жогорку деңгээлге чыгарып, Европа өлкөлөрүнө инвестицияларын салууда.

Жыйынтыктап айтканда, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин Албанияга жасаган иш сапары абдан жемиштүү болду жана эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлдү деп айта алабыз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар