Президент Эрдогандын Азербайжанга иш сапары

Евразия күндеми-9

1898713
Президент Эрдогандын Азербайжанга иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрь күнү Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азербайжанга бир күндүк расмий сапар менен барды. Азербайжандын Президенти Илхам Алиев түрк кесиптешин Жабраил шаарында расмий азем менен тосуп алды. Расмий аземден кийин президенттер тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун соңунда президент Алиев менен президент Эрдогандын биргелешкен маалымат жыйыны өттү.

Андан соң эки өлкөнүн президенттери айрым ачылыш аземдерине катышышты. Президенттер Эл аралык Зангилан аэропортун ачышты. Бир саатта 200 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болгон бул аэропорт, Карабахты эл аралык жүк ташуунун борбору кыла турган маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Түркиялык ишкерлер тарабынан курулган аэропорттун курулуу мөөнөтү жалпысынан бир жарым жылга созулган. Аймактагы үчүнчү аэропорттун Лачин шаарында курула турганы жарыяланды.

Илхам Алиев менен Режеп Тайып Эрдоган Зангилан районундагы «Дост Агропарк Зангилан акылдуу айыл чарба айылы» долбоорунун биринчи этабынын ачылуу аземине катышышты. Бул жерде «Made in Karabağ» деген белги менен дыйканчылык жана мал чарба азыктары чыгарыла баштады.

Эки өлкөнүн президенттери Горадиз-Агбенд темир жол линиясындагы Кумлаг вокзалынын пайдубалын түптөө аземине катышты. Бул темир жолдун курулушунун 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүлүшү пландалууда.

Президенттер Жабраил районундагы Азербайжан-Түркия Эл аралык токой билим берүү борборунун, Акылдуу көчөт жана Достук токой комплексинин пайдубалын түптөө аземдерине да катышышты. Ошол эле күнү кечинде Азербайжандын Президенти Алиев Президент Эрдоганды өзү аэропорттон узатты.

 Президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга иш сапарын, эки өлкөнүн президенттери катышкан пайдубал түптөө жана ачылыш аземдерин Эл аралык Зангезур транспорт коридорунун ачылышына даярдык катары бааласак болот. Аталган транспорт коридору ачылганда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы автотранспорттук каттам 400 километрге кыскарып, Нахчыван Автономдук Республикасы Азербайжан Республикасына кыска жол менен байланышып калат.

Аймакка салынган мындай ири инвестициялар оккупациядан азат кылынган райондордун кыска мөөнөттө өнүгүүсүнө шарт түзөт. Инвестиция жана өнүктүрүү иш-чаралары азербайжандардын Карабакка кайтып келишин тездетет.

Оппозициянын акыркы мезгилдеги кысымдарына карабастан Армениянын бийлиги да Азербайжан жана Түркия менен алакаларын жакшыртууга, тынчтык келишимине кол коюуга жана Азербайжан-Армения чек арасын аныктоого даяр экени байкалууда. Армениянын коргоочусу болгон Орусия да Түштүк Кавказда тынчтык жана стабилдүүлүк өкүм сүрүшүн каалайт. Азербайжандын чек арасында катар катар аскердик машыгууларды уюштурган Иран Ислам Республикасы да жаңы транспорт коридорунан пайда көрө алат. Бардык тарап пайда көрсүн принцибине негизделген кызматташтык Түштүк Кавказды эл аралык транспорттун борборуна айландырышы мүмкүн.

Орусия-Батыш согушунан кийин Эл аралык Зангезур коридорунун ачылышынын мааниси аябай артты. Аталган коридордун ачылышы Чыгыш-Батыш жана Түштүк-Түндүк транспорт байланыштары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Курула турган автомобиль жана темир жол байланышы аралыктарды бир кыйла кыскартат. Азербайжан менен Түркия сунуштаган “3+3” моделин ишке ашыруунуун мезгили келди.



Тектеш кабарлар