Кыркларели эмен балы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-5

1888148
Кыркларели эмен балы

Кыркларели эмен балы

Катталган датасы: 12.02.2021

Түркиянын Болгария чек арасында жайгашкан Кара деңиз жээгиндеги Кыркларели шаары, өлкөнүн эң жыш эмен токойлуу аймактарынын бири. Аарычылык, облустагы токой айылынын жашоочуларынын ишмердүүлүгүнүн негизги тармактарынын бири болуп саналат. Кыркларели эмен балы 2021-жылы Айыл чарба жана токой чарба облустук директорлугунун кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн тизмесине кирген. Эмен балын өндүрүү июнь айында бал челектерди даярдоодон башталып, сентябрь-октябрь айларында бал жыйноо менен аяктайт. «Кара уюк» деп аталган табигый уюктар колдонулган аймактан алынган Кыркларели эмен балы кочкул түстүү, оңой кристаллдашпайт, суюк, нымдуулугу гүл балдарына караганда азыраак, жегенде тамакты ачыштырбайт, антиоксидант касиети жогору. Түрдүү гүлдөрдүн жана өсүмдүктөрдүн ширесин, ошондой эле эмен дарагынын секрециясын да камтыган Кыркларели эмен балы, кызгымтыл түсү жана даамы патокага окшоштугу менен оңой айырмаланат. Мындан тышкары, чаңчаны аз өлчөмдө камтыгандыктан оңой кристаллдабай турган балга эч кандай жылуулук иштетилбейт.



Тектеш кабарлар