Шанлыурфа чийки котлети

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-4

1885363
Шанлыурфа чийки котлети

Шанлыурфа чиг көфтеси б.а. чийки котлети

Катталган датасы: 31.05.2006

 Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан «Пайгамбарлар шаары» Шанлыурфа, чийки котлети (чиг көфтеси) менен да белгилүү. Шанлыурфа чийки котлети 2006-жылы Шанлыурфанын Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган азыктарынын тизмесине киргизилген. Чийки котлет- жез идиште кол менен жуурулуп жасалган тамак. Алгач жез идиште шаарга мүнөздүү кургатылган изот калемпири, майда тууралган пияз, туз, кургатылган корица, кара мурч жана гвоздика аралаштырылат. Андан соң бул аралашмага майда кесилген койдун эти кошулат жана жарым стакан муздак суу менен жуурулат. Ал арада майда булгур, идиштеги аралашмага аз-аздан кошулат. Болжол менен 15 мүнөткө созулган жууру процессинен кийин бир аз суу жана томат кошулат. Аралашманын чийкилигинин өткөнүн текшергенден кийин даамын татып, муздак суу же муз менен жумшартылат. Акырында майда тууралган пияз менен петрушка кошулуп аралашма дагы бир аз убакытка жуурулат, андан соң майда бөлүктөр түрүндө латук жалбырагы менен кошо тарелкаларга салынат. Шанлыурфа чийки котлетинин жанында суусундук катары койдун сүтүнөн уютулган айрандан жасалган муздак чалап тандалат.



Тектеш кабарлар