Эскишехир чебуреги
Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-2
Эскишехир чебуреги
КАТТАЛГАН КҮНҮ: 19.04.2010
Түркиянын Борбордук Анадолу аймагында жайгашкан Эскишехир облусунун атактуу чебуреги (ÇİBÖREK) 2010-жылы Эскишехирдин Соода палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн тизмесине киргизилген. Чебуректин жасалышында бир гана ун, суу жана туздан турган камыр даярдалат. Бир канча мүнөт тыныктырылгандан кийин камырдан чактап үзүп алып, үбөлүк менен жукартылып жайылат. Чебуректин фаршы болсо уйдун эти, пияз, туз, суу жана кара мурч куурулуп даярдалат. Тегерек формада жайылган камырдын жарымына жука катмар түрүндө бир аш кашыктай фарш салынат. Камырдын берки бөлүгү фарш салынган тараптын үстүнө жабылат жана четтери бириктирилип бекитилет. Четтери бекитилген чебурек жарым айга окшош көрүнөт. Чебурек андан соң кайнап жаткан майга (25-30 секунд) кызарта бышырылат. Бышкан чебурек ысык боюнча идишке салынат жана четинен кол менен кармап жегенге ыңгайлуу болот.