Түркия-Греция мамилелериндеги С-300 чыңалуусу

Апталык анализ программасы-2/22

1878173
Түркия-Греция мамилелериндеги С-300 чыңалуусу
yunanistan ege ihlaller.jpg
Yunan Sahil Güvenlik botu foto.jpg

Түркия-Греция мамилелериндеги С-300 чыңалуусу

Түркия-Греция карым-катнаштары бир топ көйгөйлөр менен бирге өйдө-ылдый чыңалуу мезгилин башынан өткөрүүдө. Бул чыңалуу көбүнчө грек тараптын максималисттик саясаттары жана провокациялары менен Түркиянын бул саясаттарды кабыл албаганын дипломатиялык жана аскердик жактан көрсөтүүсү жана провокацияларга бирдей же эселентип жооп берүүсүнөн турат. Бул бир караганда эки тарапка тең катаал билдирүүлөр сыяктуу көрүнгөнү менен, кризистин фонунда тарыхый дагы, геосаясий дагы келишпестиктер бар. Бир топтон бери мамилелер чыңалса да, чыңалуу тереңдей электе алдын алышты. Бирок Греция 23-августта түрк согуштук учактарына С-300 радарларынын кулпусун салгандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы кризис жаңы өңүткө ээ болду.

 SETAнын / Коопсуздук Изилдөөлөр директору,жазуучу Проф. Д-р. Мурат Йешилташтын бул темага баа берүүсүн сунуштайбыз...

 

Эмне үчүн С-300 деген суроого жооп издөө үчүн бир нече маселе алдыңкы планга чыгып жатат? Алардын биринчиси эки өлкөнүн тең шайлоо процессине кириши. Жакында Грецияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Шайлоо жакындаган сайын Грециянын ички саясатында Түркия биринчи күн тартипке айланууда. Түркияда да 2023-жылы шайлоо болот. Греция Түркиядагы шайлоолор үчүн өтө маанилүү болбосо да, учурдагы чыңалуу шайлоолордо маанилүү талкуу темасына айланышы мүмкүн. Экинчи себеп, Греция менен Түркиянын ортосундагы аскердик күч ажырымы жана айырмасы акыркы жылдарда Грецияга каршы ачылгандай. Греция Түркиянын коргонуу өнөр жайында жасаган маанилүү жылыштарынын алдында көптөн бери өзүн начар сезүүдө. Түркиянын бул дарамети менен бул тармакта маанилүү артыкчылыктарга жетиши, Грециянын жооп бере албашы жана күч топтоодо кеч калышы алар үчүн маанилүү бир кемчилик катары каралууда. Түркиянын өзгөчө учкучсуз учуучу аппараттар (УУA) тармагында жеткен жери Грецияны кыйын абалга калтырууда жана тынчсыздандырууда.

Грециянын негизги максаты Түркияны болуп жаткан чыр-чатактар ​​үчүн провокациялоо жана Европаны өз тарабына тартуу болуп саналат. Бул учурда Түркиянын Грециянын провокацияларына катуу жооп бериши күтүлүп, бул реакцияны Европага алып баруу менен Түркияга каршы билдирүү жасоо максат кылынууда. Бул мамиле көптөн бери Грециянын Түркияга карата тышкы саясатынын негизги бөлүгү болуп келди. Айрыкча Украина согушунун башталуусу менен Афина бийлиги Түркиянын геосаясий маанисинин артышынан тынчсыздангандай. Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы жаңы нормалдаштыруу саясаты да Афинаны тынчсыздандырды. Анткени Түркиянын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен чыңалган карым-катнаштары болуп турса Афинаны жеңилдетет жана Түркияны Жер Ортолук деңиз газы маселесинен четтетет. Бирок Түркиянын нормалдаштыруу саясаты менен бул процессти өзгөртүшү Афинаны кайрадан Түркияга каршы позицияга түрттү. Бир тараптан Греция Түркиянын өсүп келе жаткан аскердик күчүн шылтоо кылып Эгей аралдарын куралдандырууга аракет кылууда, Франция, АКШ сыяктуу өлкөлөр менен куралдануу келишимдерин түзүп, Түркияны инструмент катары колдонуу менен куралга жумшаган акчасын мыйзамдаштырып жатат.  Бул абал ички саясатта карыз сазына баткан өкмөттүн колун бекемдеп, АКШ, Франция сыяктуу өлкөлөрдү оңой ынандырууга жардам берет.

Дагы бир себеп Грециянын Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаратылыш газ издөө иштерине ыңгайсыз болушу. «Абдулхамит Хан» аттуу кемеси менен энергетикалык чалгындоодо алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланган Түркия Афинадагы ыңгайсыздыктын негизги себеби. Ошондуктан Афина чыңалууну күчөтүү менен Түркияны жаратылыш газын издөөдө жалгыз калтырууну көздөөдө. Ал эмес азыр да грек лоббиси бүт күчүн ушул маселеге топтоду.

С-300 тирешүүсү эки өлкөнүн карым-катнаштарынын мындан ары чыңалган мезгилге кире турганын көрсөтүүдө. Негизи президент Эрдогандын С-300 боюнча өтө катаал билдирүүсү мунун бир белгиси. Албетте, азырынча Греция менен Түркиянын ортосунда куралдуу кагылышуу же согуш чыгуу ыктымалы анча күчтүү эместей көрүнөт. Бирок Грециянын чыңалууну күчөтүү жолу өзгөрүп, Түркиянын буга карата жообу дагы катаал боло турган болсо, анда эки өлкөнүн карым-катнаштары саясий жана дипломатиялык тирешүүлөрдүн чегинен чыгып кетиши ыктымал деп айтууга болот.

 



Тектеш кабарлар