Асад режими менен келишим түзүүгө мүмкүнбү?

СЕТАнын тышкы саясат жана изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу пикири.

1870345
Асад режими менен келишим түзүүгө мүмкүнбү?

Президент Эрдогандын Сочи саммитинен кийин жасаган билдирүүлөрү жана тышкы иштер министри Чавушоглунун Сирияда чечүүчү жол үчүн оппозициячылдар жана Асад режими менен тил табыштыруубуз керек деген сөздөрү өзүнчө чагылдырылды жана Түркиянын Сирияда позициясын өзгөртүп же өзгөртпөгөндүгүнө байланыштуу суроолорун күн тартибине алып келди. Сирия чындыгында Асад режимин мыйзамдуу күч катары көрүп, аны нормалдаштыруу мүмкүнбү? Мындай кадам Түркия жана сириялыктардын пайдасына болобу?

СЕТАнын тышкы саясат жана изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу пикири.

Түркия акыркы айларда террор менен күрөшүүнүн негизинде ПКК/ЙПГ көзөмөлгө алган Тель Рыфат жана Манбиж сыяктуу аймактарда чоң бир аскердик кыймылга даярданып, өзгөчө Астана процессиндеги башка кепил өлкөлөр болгон Россия жана Ирандын альтернатив сунуштары менен бетме  - бет келди. Өзгөчө Сочиде Эрдоган  -  Путин ортосунда болгон саммиттен кийин Эрдоган Путиндин өзүнө Асад режими менен кызматташуу түзүп ПКК/ЙПГнын аймактан тазаланышына байланыштуу  сунуштарды да киргизди. Бирок медиа көрүүнү каалабаган башка бир билдирүүсүндө чалгындоо мекемелеринин узун убакыттан бери сүйлөшүп жаткандыгын бирок террор менен күрөшүүдө эч бир жыйынтыктын чыкпагандыгын да ортого салды. Эрдогандан кийин Чавушоглунун туруктуу бир тынчтык жана өлкөнүн бөлүнбөшү үчүн оппозициячылдар менен  Асад режимин тил табыштыруубуз керек деген сөздөрү менен Түркия Сирияда позициясын өзгөртүп жатабы деген суроо алдыга чыкты. Ал түгүл Сирияда Түркиянын таасири астындагы айрым аймактарда  митингдер да болду. Бирок түрк тышкы иштер министрлиги абалга карата түшүндүрмө берип Түркиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 – чечими жана Астана процессинде ортого салган позицияда бир өзгөрүүнүн болбогондугу, Сирия төңкөрүшүнө жана төңкөрүшчүл күчтөргө берилген колдоонун улантылып жаткандыгы баса белгиленди.

Аша чапкан мамилени бир тарапка таштасак Түркия ансыз да көп убакыттан бери  Сирияда саясий чечүүчү жолдун табылышы керектигин баса белгилеп, ушунун негизинде Астана процесси ичинде орун алган  саясий сүйлөшүүлөр жана жаңы конституциялык түзүлүш процессин акырына чейин колдоду. Бирок бул жерде процессти токтоткон негизги элемент ар дайым режим жана ага колдоо берген Россия  -  Иран болду. Алар  негизинен аскердик чечүүчү жолду издешти. Идлибде Түркия буга Жаз калканы кыймылы менен жооп кайтарды. Режим жана союздаштары ушул кезге чейин жаңы конституция курууга жана оппозициялардын башкарууга интеграциялана турган жаңы платформага даяр эмес экенин көрсөттү.

Эгер алар бул позициядан артка чегинип, чечимге даяр боло турган болсо, бул Түркия менен оппозициянын көптөн бери каалап келген позициясы болот.

Бирок Асад режиминин саясий чечүүчү жол процессине байланыштуу келишпес мамилеси улана бере турган болсо аны  мыйзамдуу актер катары көрүп карым  - катнаштардын нормалдаштырылышы жаңылыш позиция болот. Түркиянын мындай кылуу ниети жок деп ойлоймун.



Тектеш кабарлар