Түрк дүйнөсүндө үч тараптуу жыйындар

Евразия күндеми-50

1866524
Түрк дүйнөсүндө үч тараптуу жыйындар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркия менен Азербайжан биргелешип өткөргөн үч тараптуу жыйындар тууралуу кеп салабыз.

Азербайжан менен Түркия башка мамлекеттер менен кызматташтыктарын чыңдоо максатында уюштурган үч тараптуу жыйындарынын желеси кеңейүүдө. Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин биринчи үч тараптуу жыйыны үстүбүздөгү жылдын  27-июлунда Баку шаарында өттү. Жыйында үч тараптуу кызматташтыкты арттыруу жана Каспийден өткөн Чыгыш-Батыш ортоңку коридорун өнүктүрүү сымал маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда тышкы иштер министрлери Баку декларациясына кол коюшту. Бул жерде баса белгилей кетчү жагдай, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын ортосундагы үч тараптуу жыйын өткөрүү зарылчылыгы биринчи жолу 2015-жылы “Түркия үнү” радиосунун “Евразияга сереп салуу” программасында айтылган эле.

2-август күнү Ташкентте Азербайжан, Өзбекстан жана Түркиянын тышкы иштер, соода жана транспорт министрлеринин биринчи үч тараптуу жыйыны өттү. Бул жыйында үч тараптуу кызматташтык, транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине даярдыктар сымал темалар талкууланды. Жыйындын соңунда тышкы иштер министрлери Ташкент декларациясына кол коюшту.

Азербайжан менен Түркиянын үч тараптуу жолугушууларына Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда бул өлкөлөрдүн лидерлеринин позициясы маанилүү роль ойноду. Быйыл Түркия менен Азербайжандын лидерлери Өзбекстанга, Казакстандын лидери Түркияга жемиштүү иш сапарын жасашты. Бакудагы маалымат жыйынында Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин август айында Азербайжанга келерин билдирди.

Баку менен Ташкентте өткөн үч тараптуу жыйындар эмитен эле жемишин бере баштады. Карабахтагы соңку окуяларда Казакстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги дароо Азербайжанды колдогон билдирүү жасашты. Бул нерсе Түрк дүйнөсүнүн эл аралык аренада биргелешип иш алып барышы жана тышкы саясатта бирдей позицияны карманышы жагынан  маанилүү.

Азербайжан жана Түркия Грузия, Иран жана Түркмөнстан менен үч тараптуу жыйындарды ийгиликтүү улантууда. Бул жыйындар зарыл болгон учурда үч тараптуу саммит түрүндө өтүүдө. Мындан тышкары зарыл болгон учурда Азербайжан жана Түркия башка өлкөлөр менен да үч тараптуу жыйындарды өткөрүүдө. Маселен, Түркия-Орусия-Украина тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйыны Түркиянын арачылыгы менен Анталия дипломатия форумунун алкагында Анталияда өткөн. Азербайжан 2016-жылы Орусия жана Иран менен Тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйынын өткөрө баштаган.

Баку менен Ташкентте биринчи жолу өткөрүлгөн үч тараптуу жыйындарда негизинен транспорт жана соода маселелери талкууланды. Өзбекстан өкмөтү эл аралык транспорт желесин кеңейтүү максатында Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай жана Тирмиз-Мазари Шариф-Кабул-Пешавар темир жолдорунун курулушун колдой турганын билдирди. Сөз болуп жаткан темир жолдорунун курулушун тездетүү үчүн өзбек бийлиги Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай жана Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан үч тараптуу жыйындарын өткөрүшү керек.

Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын акыркы бейформал жолугушуусуна бир күн мурда келишти. Ошентип үч өлкөнүн лидерлери өз ара кеңешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Мындай үч тараптуу жыйындар аймактык маселелерди чечүүдө маанилүү болуп саналат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар