Грузиянын Орто Азия республикалары менен мамилеси

Евразия күндеми-49

1863858
Грузиянын Орто Азия республикалары менен мамилеси

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилинин Орто Азия республикаларына жасаган иш сапары жана Грузия менен Орто Азия республикаларынын ортосундагы мамилелердин соңку абалы тууралуу кеп салабыз.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили июль айынын экинчи жарымында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстанга расмий иш сапарын жасады. 18-июль күнү Ираклий Гарибашвили Өзбекстанга барды. Гарибашвили алгач “Жаңы Өзбекстан” паркына барып, “Эгемендүүлүк” монументине гүлчамбар койду. Гарибашвили жана аны коштогон делегация андан кийин жогорку технологиялык продукция өндүрүлгөн “Технопаркка” барышты.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили 19-июль күнү өзбек кесиптеши Абдулла Арипов менен тет-а-тет форматында жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушууларда негизинен экономикалык мамилелер талкууланды. Тараптар Өзбекстандын продукциясын Грузиянын порттору аркылуу Европага экспорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошол эле күнү Ираклий Гарибашвили Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Лидерлер көптөгөн тармактарда, өзгөчө соода, транспорт жана логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Расмий иш сапардын алкагында өткөн жолугушуулардын жүрүшүндө Өзбекстан-Грузия Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картасын кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Грузиянын премьер-министри Гарибашвили Өзбекстанга болгон сапарынан кийин 19-июлда Түркмөнстанга келди. 20-июль күнү Ираклий Гарибашвили Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Лидерлер эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүү, биргелешкен долбоорлор, Грузия менен Түркмөнстандын транзиттик потенциалы сыяктуу маселелерди талкуулашты. Жолугушууда энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк маселеси боюнча да сөз болду.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили 26-27-июль күндөрү Казакстанда расмий иш сапары менен болду. Ираклий Гарибашвили 27-июль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Лидерлер транспорт, логистика, соода жана туризм тармагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулашты. Ошол эле күнү Ираклий Гарибашвили Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен тет-а-тет форматында жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда тараптар соода- экономикалык кызматташуу, өз ара инвестицияларды жана бизнес байланыштарды көбөйтүү, эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү, жаңы авиакаттамдарды ачуу жана маданий кызматташтыкты талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдөн кийин экономика жана транспорт тармагындагы мекемелер аралык кызматташтык боюнча эки меморандумга жана 2023-2026-жылдарга Казакстан менен Грузиянын ортосундагы сооданы кеңейтүү боюнча жол картасына кол коюлду.

Грузиянын Орто Азия өлкөлөрү менен экономикалык алакасын жакшырткысы келгени бекеринен эмес. Буга чейин Европа менен болгон алакага басым жасап келген Грузия, өнүгүп өсүп жаткан Азия менен да мамилесин өнүктүрүүгө муктаж. Ушуга чейин бул нерсеге анча көңүл бурулбай калган эле. Орусия-Батыш мамилесинин начарлашы Грузия үчүн Чыгыш-Батыш транспорттук байланышында чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Грузия, Түркия жана Кара деңиз аркылуу Батышка ачылган негизги дарбаза болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбейт. Ошондуктан Грузиянын премьер-министри Гарибашвили Орто Азияга жасаган иш сапарынын алкагындагы жолугушууларда өлкөсүнүн транзиттик потенциалын колдонууну сунуштады. Эл аралык транспорт тармагында Орто коридордун өнүгүшү Түрк дүйнөсү үчүн пайдалуу.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар