Угуу жөндөмүн жакшыртуу

Шыпаа булагы-44

1856422
Угуу жөндөмүн жакшыртуу

Угуу жөндөмүн жоготууга каршы табигый сунуштар

Бүгүн биз угуу жөндөмүн жоготууга каршы табигый сунуштарды айтып беребиз.

Угуу жана угуунун начарлоосунун алдын алууга пайдалуу азыктар

• Артишок

• Картошка

• Жасмык

• Кешью

• Авокадо

•Кара шоколад

•Балык

• Зыгыр уругу

• Жаңгак

• Козу карын

• Жумуртка

• Сүт

 • Артишок: Угуу жөндөмүнүн өмүр бою күчтүү болушу үчүн фолийге бай тамактарды колдонуу керек. Бул азыктардын бири - артишок.

• Картошка: Өлчөмү менен жегенде угуу жөндөмүн бекемдей турган картошка- кулактын бузулушун алдын алат.

• Жасмык: В витамини жана темирди камтыган жасмык- кулактын ден соолугун коргоодо абдан күчтүү.

• Авокадо: Жакшы угуу үчүн магний жана фолий кислотасын колдонуу керек. Бул минералдар авокадодо бар.

• Балык: Омега жагынан жетиштүү тамактануу угуу көйгөйлөрүнүн алдын алат. Өзгөчө балык бул темада чоң колдоо көрсөтөт.

• Зыгыр уругу: В витаминдери угуунун чыңдыгына чоң таасирин тийгизет. Өзгөчө зыгыр уругу сыяктуу азыктарды керектегенде кулактардагы шуу, оору жана угуунун начарлоосунун алдын алат.

• Жаңгак: Кулак ден соолугу үчүн сөзсүз түрдө жаңгакты колдонууга аракет кылуу керек. Бул азык угуунун начарлашына каршы пайдалуу. Жаңгак омега жана В витаминдерине бай азык. Аны үзгүлтүксүз колдонуунун натыйжасында жаш куракка байланыштуу угуунун начарлашынын алдын алууга болот.

• Козу карын: D витаминин камтыган козу карын пайдалуу азыктардын бири болуп саналат. Кулактын ичи назик майда сөөктөр менен толгон. Витамин D бул сөөктөрдүн ден соолугун коргойт.

• Жумуртка: Белокко бай жумуртканын негизинде кулактагы ткандар жабыркабайт.

• Сүт: Бала кезден бери керектелүүчү сүт бардык куракта жакшы угууга жардам берген азык болуп саналат.

• Гинкго билоба экстракты: Мээдеги начар кан айлануу, баш айлануу, эс тутум көйгөйлөрү, концентрация, угуунун начарлашы, кулактын чыңырыгы жана баш айлануу сыяктуу шарттарда гинкго билоба экстракты кеңири колдонулат. Мээдеги кан айланууну күчөтүп, кан тамырлардын жарылышынын алдын алат.

Бул өсүмдүктү күн сайын 60-240 мгга чейин алуу сунушталат. Бирок дозасы дарыгер тарабынан текшерилиши керек.

• Майоран өсүмдүгү

Майоран өсүмдүгү тамак-ашка татымал катары колдонулат, ошондой эле кан басымын төмөндөтүүчү жана кан тамырлардын бүтөлүшүнө каршы эффективдүү касиеттери менен да белгилүү.

Эгерде угуунун начарлашы кулактагы кан айлануунун начардыгынан пайда болсо майоран жардам берет.

Бир стакан кайнак сууга 1 чай кашык кургатылган майоран кошуңуз. 5 мүнөт демдеп, чыпкалап коюңуз. Аны күнүнө 2 стаканга чейин ичсе болот. 10 күндөн ашык колдонууга болбойт.

• Алма уксусу

Алма уксусу; магний, калий, цинк жана марганецке бай. Бул минералдардын бирөө жетишсиз болгондо да угуу начарлайт.

Магний терапиясы, убактылуу же туруктуу ызы-чуу менен шартталган угуу жөндөмүн жоготуу жыштыгын азайтат. Ушул себептен алма уксусу да абдан натыйжалуу дарылоо болуп саналат.

Бир стакан сууга 1 чай кашык органикалык алма сиркесин кошуңуз. Ал күнүнө 2 жолу керектелет. Ага 1 чай кашык бал кошуп ичсеңиз да болот. Эгер зарна пайда кылса күнүнө бир жолу колдонуу керек.

• Пияз

Пияз да курамындагы антиоксиданттардан улам кохлеардык зыян жана угуу жөндөмүн жоготууга каршы колдонулган чечимдердин бири. Бул туруктуу жана убактылуу угуу жоготуу үчүн колдонулат.

Ошондой эле кулактагы клеткалардын жоголушуна жол бербөөчү күчтүү антиоксиданттар менен көйгөйдү азайтат.

Пияз травматологияда жана кулак тарсылдактары жарылганда же аба басымынын өзгөрүшүнө да натыйжалуу.

300 г пиязды бир литр сууга 12 саат чылап коюңуз. Бул суудан күнүнө 3 стакандан ичиңиз.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар