Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Өзбекстанга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-44

1849332
Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Өзбекстанга жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-июнь күндөрү Азербайжандын президенти Илхам Алиев эки күндүк расмий сапар менен Өзбекстанда болду. Ислам Каримов эл аралык аэропортунда Азербайжандын президентин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Бул иш сапар президент Илхам Алиевдин пандемиядан кийинки алгачкы расмий чет элдик иш сапары болду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Өзбекстандагы иш сапары Ташкенттеги “Гейдар Алиев” атындагы аянттын ачылышы менен башталды. “Гейдар Алиев” атындагы аянтты эки өлкөнүн президенттери чогуу ачышты. Эске сала кетсек, “Гейдар Алиев” атындагы Азербайжан маданий борбору Ташкентте 2010-жылдан бери иштеп келе жатат жана ушул эле шаарда “Гейдар Алиев” атындагы көчө бар.

Ошол эле күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев азербайжандык кесиптешин Куксарайда салтанат менен тосуп алды. Тет-а-тет форматында жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү. Президенттер биргелешкен инвестициялык фонд түзүү боюнча макулдашышты. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосунда 18 документке кол коюлду. Эки өлкөнүн президенттери стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү жана бардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча декларацияга кол коюшту.

Басма сөз жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн биргелешкен комиссиясынын тең төрагалары эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында ай сайын жолугушуп, аткарылган жана аткарыла турган иштерди талкуулашарын билдирди. Ошондой эле президент Мирзиёев президент Илхам Алиевдин ноябрда Самаркандга келээрин жана бул убакыт аралыгында эки тараптуу мамилени өнүктүрүүдө канчалык алдыга жылышканын чогуу карап чыгышаарын кошумчалады. Сапарды тарыхый деп баалаган президенттер эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн саясий эрк бар экенин баса белгилешти.

22-июнь күнү Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери Хива жана Ургенч шаарларына барышты. Илхам Алиевдин урматына эл артисттери тарабынан концерт берилди. Президенттер өнөрпоздор менен болгон жолугушуусунда эки элдин орток баалуулуктарын жана боордоштукту баса белгилешти.

2021-жылы Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы биргелешкен сооданын көлөмү 118,9 миллион долларды түзгөн. Президент Илхам Алиевдин иш сапарынын алдында өткөрүлгөн Өзбекстан-Азербайжан бизнес форумунда 500 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду. Эки өлкөнүн экономика жана соода тармагындагы потенциалы толук пайдаланыла элек экенин айта алабыз. Биргелешкен инвестициялык фонддун түзүлүшү, жүк ташуу тармагындагы кызматташтыктын активдешүүсү жана бюрократиялык тоскоолдуктардын жоюлушу Өзбекстан-Азербайжан экономикалык алакаларын жаңы деңгээлге көтөрөт. Өзбекстанда азербайжандык капитал менен түзүлгөн 243 компания иштейт.

Азербайжан Өзбекстан үчүн Батыштын дарбазасы болсо, Өзбекстан Азербайжанга Түштүк Азияга кыска жол менен жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Эки өлкөнүн автомобилдик, деңиз, аба жана темир жолдору байланышы боюнча чоң кызматташтык потенциалы бар.

Жогоруда айтылгандардан байкалып тургандай, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Өзбекстанга иш сапары эки тараптуу мамилелер, Түрк дүйнөсүн жана эл аралык түрк уюмдарын күчтөндүрүү жагынан абдан жемиштүү болду.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар