​​​​​​​В12 витамини

Шыпаа булагы-40

1849187
​​​​​​​В12 витамини

В12 витамининин табигый булактары

Бүгүн биз В12 витамининин табигый булактары жөнүндө сүйлөшөбүз.

 В12 витамини биздин ичегидеги бактериялар тарабынан өндүрүлөт. Бул витаминдин ичегилерибизге сиңиши үчүн дени сак ичеги системасы жана дени сак ичегиге дос бактерия жетиштүү санда болушу керек.

В12 витамининин жетишсиздигинде эмне болот?

В12 витамининин жетишсиздигинде, басуунун бузулушу, алсыздык, дем алуу органдарынын жетишсиздиги, өнөкөт чарчоо, депрессия, тынчы жоктук, тамак сиңирүү органдарынын бузулушу, баш айлануу, уйку келүү, боордун чоңоюшу, көздүн бузулушу, галлюцинация, баш оору, тилдин инфекциясы, тең салмактуулук маселеси, эс тутумдун начарлашы, нерв оорулары, жүрөктүн кагышы, аз кандуулук, кулактын шуулдашы, жүлүн жабыркашы, ич катуу жана арыктоо көрүнүшү мүмкүн.

В12 витамининин табигый булактары кайсылар?

Бул эң көп жаныбарларда кездешет. В 12 витамининин жогорку сапаттагы булактары;

1. Сүт жана сүт азыктары; сүт, айран,чалап же сыр сыяктуу сүт азыктарында протеин, витаминдер жана минералдар көп. 240 мл толук майлуу сүт биздин күнүмдүк B12 керектөөбүздүн 18% канааттандырат.

Толук майлуу айран да B12 витамининин маанилүү булагы болуп саналат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, сүт жана сүт азыктарынан В12 стейк, балык же жумурткага караганда оңой сиңет.

1. Жашылчалар; жасмык, кызылча, брокколи, шпинат, буурчак, төө буурчак, жашыл буурчак, петрушка.  Соя, бадам жана күрүч сүттөрүндө В12 витамини көп болбосо да, алар кошумча азыктар катары даярдалып, алардын витаминдүүлүгүн жогорулатат.

2. Козу карындар; айрыкча эт жана сүт азыктарында көп болгон В12 витамини өсүмдүк катары козу карындарда гана көп кездешет. Бул жетишсиздик күнүмдүк бир табак козу карын менен жоюлса болот.

3. Жумуртка; тооктун, каздын жана өрдөктүн жумурткалары. Эки чоң жумуртка биздин күнүмдүк B12 керектөөбүздүн 22% жана B2 керектөөбүздүн 28% камсыздайт.

4. Боор жана бөйрөк; торпок, козу, койдун эти, булардан өзгөчө козунун боору В12 витаминине бай келет. Ичеги-карындар эң эле витаминдүү азыктардын катарына кирет. Козунун боору жана бөйрөгү В12ге өзгөчө бай.

Уйдун же торпоктун этине караганда ичеги-карын азыктарында B12 витамини бир кыйла жогору.

5. Балык; В12 витамини бар азыктардын арасында сардина, скумбрия, лосось, тунец, форель жана көк балык маанилүү орунду ээлейт. Бул азыктар омега 3 алуу үчүн да сунушталат.

Тунец балыктарында өзгөчө теринин астындагы булчуңдарда В12 витамини абдан көп. 100 грамм жаңы тунец биздин күнүмдүк В12 витаминине болгон керектөөнү 160% камсыздайт. Консерваланган тунецтин курамында да В12 витамини бар.

6. Кызыл эт; айрыкча уй жана козу этинде В12 көп болот. Болжол менен 186 грамм майсыз стейк B12 витамини муктаждыгынын суткалык керектөөсүнөн дээрлик эки эсе көптү камсыз кылат.

7. Жаңгактар; чийки жаңгак, фындык жана бадам

8. Ак капустанын дарысы:

В12 витамини жаныбарлардын азыктарында гана кездешет, бирок ак капустаны ачытууда В12 витаминине бай, кычкыл даамы бар ачытылган капуста пайда болот.

Капустаны кантип даярдоо керек?

Бир орто ак капустанын эң сырткы жалбырактары арчылат жана тууралат. Андан кийин аны аралаштыргыч идишке алып, туз жана зире кошуп, жакшылап аралаштырыңыз. Аралаштыруу процесси аяктагандан кийин, таза банкага толтурулуп, жакшылап басылып, акырында салмагы үчүн таза таш коюлат. Банканын оозу таза чүпүрөк жана резина менен жабылат. Күн тийбеген жерде эң аз 4, эң көп 10 күн сакталып, анан жесе болот.

Эскертүү: Калкан бези менен ооруган адамдар дары-дармек колдонсо дагы капустанын дарысын колдонбошу керек.

Др. Мехмет Учар даярдаган “Шыпаа булагы» программасын окудуңуздар.



Тектеш кабарлар