Буларды билесиздерби?

Осмон сарайынын музыка академиясы.

1846477
Буларды билесиздерби?

Британиянын борбор шаары Лондондо Осмон сарайынын музыка академиясынын оркестры түзүлгөндүгүн  билесиздерби?

Лондон Осмон сарайынын музыка академиясынын оркестры классикалык музыка композитору, оркестр дирижёру жана музыка таануучу Эмре Аражы тарабынан негизделген. Эдинбург университетинин музыка факультетинде бакалавр жана докторантура даражасын алган Эмре Аражы искусство, байыркы архитектура, адабият, тарых жана дипломатияга болгон кызыгуусун аралаштырып, өзгөчө музыкалык карьерасын улантууда.

Эмре Аражы 1997 -  жылы түрк элчисинин Эдинбург консулдугуна барганда түрк  темаларын камтыган концерттик програма даярдайт. Концертте 19 -  кылымдагы осмондук сарайынан айрым марш жана бийлер биринчи жолу аткарылат. Программада Султан  5 -  Мурад, Султан Абдулазиз, Донизетти паша жана Гуателли пашанын айрым чыгармалары аткарылат.

Көрүүчүлөрдө чоң таасир жараткан концерт жарым жылдан кийин Лондондо кеңейтилген репертуар менен эки жолу кайталанды. Бул концерттер чоң кызыгуу көрүп Осмон империясы мезгилинде батыш стилинде чыгармаларды аткарган Лондон осмондук сарай музыкасы академиясынын оркстры түзүлөт. Академиянын эмгектеринин арасында Европа музыка адабиятында түрктөрдү тема кылып алган башка чыгармалар ортого чыгарылып алардын аткарылышы да орун алууда.

Эмре Аражы эл аралык эмгектери менен Түркия менен Британия жана Европа, Чыгыш менен Батыштын ортосунда күчтүү бир музыка көпүрөсүн курду.

 

 



Тектеш кабарлар