Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Орусияга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-42

1844488
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Орусияга жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Орусия Федерациясына жасаган иш сапары жана эки өлкөнүн мамилелериндеги соңку абал тууралуу кеп салабыз.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү расмий иш сапары менен Орусия Федерациясына барды. Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрүштү. Орусиянын президенти Владимир Путин Сердар Бердымухамедовдун Түркмөнстанга иш сапары менен келип кетүү сунушун кабыл алганын билдирди. Жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосундагы 15 келишимге кол коюлду. Ошентип эки өлкө ортосунда ушул күнгө чейин түзүлгөн келишимдердин саны 300гө жетти. Президент Сердар Бердымухамедовдун Түркмөнстандын президенти катары биринчи чет элдик расмий сапарын Орусияга жасагандыгы эки тараптуу жана аймактык мамилелер жагынан маанилүү.

Басма сөз жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго «Достук» орденин тапшырды. Путин өз сөзүндө Орусия-Түркмөнстан стратегиялык мамилелеринин тереңдетилиши боюнча декларацияга кол койгондорун баса белгиледи жана өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 865 миллион доллар болгонун айтып өттү. Президент Бердымухамедов пандемия учурунда өлкөсүнө жөнөтүлгөн вакциналар үчүн Орусияга ыраазычылыгын билдирди.

Орусия-Түркмөнстан мамилелери ар түрдүү платформалар аркылуу өнүгүп жатат. Маселен, үстүбүздөгү жылдын 12-13-май күндөрү Ашхабад шаарында Борбордук Азия менен Орусия Федерациясынын 1-Парламенттер аралык форуму жана Борбордук Азия- Орусия Федерациясы аялдар диалогу иш-чарасы болуп өткөн.

 Сердар Бердымухамедов Түркмөнстанда үстүбүздөгү жылдын 12-мартында өткөн шайлоодо президент болуп шайланган. Ал 1-2-июнь күндөрү президент катары Сауд Арабияны зыярат кылган. Ибадат максатында да, соода мамилелерин жакшыртуу максатында да жасалган бул иш сапар Түркмөнстандын жаңы президентинин араб инвестициясына өзгөчө маани берерин көрсөтүп турат.

Президент Бердымухамедовдун биринчи расмий иш сапарын Орусияга жасагандыгы, тышкы саясатында тарапсыздык статусун тутунган Түркмөнстан бийлиги тарабынан тышкы саясатта артыкчылык берилген өлкөлөрдүн бири Орусия экенин көрсөтүп турат. Кошумчалай кете турган болсок, Түркмөнстандын президенти ички жана эл аралык иш сапарларында Орусия чыгарган, Владимир Путин да колдонгон Aurus Senat Limousine унаасын колдонот.

Орусия Түркмөнстандын энергетика жана транспорт сыяктуу стратегиялык тармактарына олуттуу инвестицияларды салган. Эки өлкө эл аралык Түштүк-Түндүк транспорт коридорунда негизги ролду ойношот. Түркмөнстан өзгөчө Татарстан менен абдан жакын экономикалык алака түзгөн.

Орусиянын жогорку окуу жайларында 30 миңден ашуун туркмөн студент билим алат, алардын арасынан 4300 студент стипендиялык негизде окуйт. Салыштыра кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Түркиядагы университеттерде 18 миң түркмөн студент билим алууда. Кремлдеги жолугушууда түркмөн-орус биргелешкен университетин ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Белгилей кетсек, түркмөн жаштары Россия Федерациясындагы Татарстан, Адыгей, Карачай-Черкес сыяктуу түрк элдери көп жашаган республикаларда окуганга артыкчылык беришет.

Жыйынтыктап айтканда, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президенти катары биринчи чет элдик расмий сапарын боордош Түрк республикаларынын бирине эмес, Орусияга жасады.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар