Ичеги-карын газын дарылоо

Шыпаа булагы-36

1837951
Ичеги-карын газын дарылоо

Ичеги-карын газын дарылоого боло турган табигый сунуштар

Бүгүн биз сиздерге ичеги-карын газы үчүн колдонууга боло турган табигый сунуштарды айтып беребиз.

 Ичеги газына себеп болгон эң кеңири таралган жагдайлар булар:

• Тамак сиңирүү системасынын керектелген тамактагы бир затка реакциясы, аллергия,

• Узак убакыт бою кыймылсыз болуу,

• Аба жутуу,

• Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштарды колдонуу,

• Клетчаткага бай тамак-аштарды көп колдонуу,

• Тамакты чоң тиштеп керектөө,

• Тамакты жетиштүү чайнабай жутуу,

• Ичегидеги көйгөйлөр,

• Бут жана курсак баш болгон дененин узак убакыт бою муздакка дуушар болушу,

• Өтө майлуу жана ачуу тамактарды колдонуу,

• Сүттү ашыкча керектөө,

• Газдалган жана канттуу суусундуктарды ашыкча колдонуу,

• Зыяндуу адаттар.

Ичеги газына себеп болгон азыктар болсо булар:

• Буурчак, нокот сыяктуу өсүмдүктөр,

• Сарымсак жана пияз,

• Брокколи жана капуста сыяктуу жашыл жашылчалар,

• Сүт жана сүт азыктарынан сыр менен айран,

• Апельсин жана өрүк сыяктуу кээ бир жемиштер менен клетчаткага бай дан азыктары

Ичеги-карын газы үчүн колдонууга боло турган табигый сунуштарыбыз болсо мындай:

Имбирь

Имбирь өзгөчө газдан улам келип чыккан ичтеги ооруну басаңдатуучу эң таасирдүү табигый каражаттардын бири. Бирок имбирди ашыкча ичкенде ашказан оорусу да пайда болот. Ошондуктан аны этияттык менен колдонуу керек. Имбирдин тамырын колдоно турган болсоңуздар тамактан кийин оозуңузга өтө кичинекей бир кесим салып чайнасаңыз болот, ал эми күкүм имбирь колдонуп жатсаңыз 1 чай кашыктан ашык керектебөөгө аракет кылыңыз.

 Кумин

1 чымчым куминди 1 стакан сууга салып 10 мүнөт демдеп койгондон кийин бул чайды сүзүп тамактан кийин ичсеңиз пайдалуу. Кааласаңыз 1 чай кашыктан сүткө аралаштырып ичсеңиз болот.

 Уксус

Болжол менен 1 аш кашык органикалык алма уксусун 1 стакан жылуу сууга кошуп ичсеңиз оорунун азайганын байкайсыз.

 Фенхель уруктары

Фенхельдин уруктарын оозуңузга салып чайнап же кааласаңыз чайын демдеп ичсеңиз болот.

  Чөп чайлар

Ромашка, жалбыз, корица, анис жана кардамон чайлары.

Ромашка өзүнүн тынчтандыруучу касиеттери менен белгилүү. Ал эми ромашка чайы дефекацияны жеңилдетип, газ маселесин чечет.

Жалбыз, корица, кардамон, анис чайлары да тамак сиңирүү системасын жакшыртып ашказандагы жана ичегидеги газдарды жок кылат.

Бул чайларды күндүн каалаган убагында ичсеңиз болот.

    Корица

Корицанын ооруну басаңдатуучу таасири бар. Аны чай сыяктуу демдеп же айранга кошуп жесеңиз болот.

     Наабай содасы

1 стакан жылуу сууга 1 же жарым чай кашык кошуп аралаштырып ичсеңиз болот.

 Ысык суу баштык

Ооруган жерге ысык суу баштыгын этияттап коюп 5 мүнөттөй күтүңүз. Оорунун азайганын байкайсыз.

    Гибискус

Күн сайын бир чай кашык гибискусту бир стакан суу менен жутсаңыз болот. Муну 15 күн бою улантыңыз.

     Көнүгүү

Чалкаңыздан жатып бутуңузду тизеден бүгүп курсагыңызга тартып көнүгүү жасасаңыз болот.

Др. Мехмет Учардын «Ден соолук бол» программасы.



Тектеш кабарлар