Сирияда жаңы бир  операцияга карата билдирүүдөн кийин Сирия аянты кайрадан кыймылга өттү

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1837662
Сирияда жаңы бир  операцияга карата билдирүүдөн кийин Сирия аянты кайрадан кыймылга өттү

Президент Эрдогандын Сирияда жаңы бир  операцияга карата билдирүүсүнөн кийин Сирия аянты кайрадан кыймылга өттү. Жалпысынан «Сирияга операция жасалабы?» деген суроонун ордуна «Сирияда кай жерде операция жүргүзүлөт?» деген суроо күн тартибине келе баштады. Бирок Улуттук коопсуздук кеңешинин соңку чечими башка көрүнүштү ачыктады. Кеңеш  «Түштүк чек арабыздагы операциялар» деген сөздүн астын баса белгиледи. Бул сөз эмнени билдирет?

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Өткөн жылдарда Сирияда же азыр да Иракта жүргүзүлүп жаткан операциялардын убактысы жана жери тууралуу белгилүү бир бутасынын бар экендиги көрүнүүдө. Мисалы «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы Зап  - Метинадагы террористтерди «жок кылууга» карата. Бута, жер эмес террористтин жок кылынышы. Сирияда болсо коопсуз аймак түзүү максаты алдыңкы планда. Башка бир сөз менен айтканда террордук кыймылдарды түрк чек арасынан алыстатуу жана гуманитардык себептер менен  сириялыктар үчүн коопсуз аймак жаратуу максат кылынды. Келинген жерде Ирак менен Сирияда аткарылган операциялардын  буталарында эч бир өзгөрүү жок. Бирок Улуттук Коопсуздук Кеңешинин чечиминде колдонулган сөздөрдүн жаңы бир методду белгилегендигин айтууга болот.

«Түштүктөгү коңшуларыбыз» деп айтылган Ирак менен Сирияда террористтин кеңири фронттогу сезимталдыктарын байкоо менен стратегиялык таасирге жана натыйжаларга жетише ала турган жаңы аскердик тандоо бар. Ушунун негизинде Түркиянын чек ара коопсуздугу, террордук элементтердин булагынан жок кылынышы, миграциянын кошумча толкундарынын алдын алуу – ал тургай кайтып келүүгө жол ачуу үчүн коопсуз аймактарды кеңейтүү да белгилүү. Ушул себептен бул максаттарга каалаган убакта, каалаган жерде, кандай жол менен болбосун жетүүгө аракет кылынат.

Анда маселеге катышкан мамлекеттер кеңири жүргүзүлө турган бир катар операцияларды кандай кабыл алып жатышат? Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү менен Украина согушу талкууланып жаткан учурда Түркиянын коопсуздук маселесине кулак салган Батыш дүйнөсү бар. Ушул себептен Макгуркка  кайрадан өткөрүлгөн Сирия досьесине көңүл бурбаган АКШ ишти токтотууну каалашы мүмкүн. Бирок геополитикалык санаалардан улам ансыз да эмне себептен Сирияда экендигин сураган америкалыктар 30 километр ичкериде болууга басым жасоого туура келет. Анткени  кол коюлган документ боюнча милдеттенмесин аткара алган жок.

Орустар үчүн абал башка. Москвада өкүлчүлүгү болгон ПКК/ПЙДни Түркия жана АКШга каршы бир рычаг катары кабылдаганы белгилүү. Орустардын  Сириядагы көзөмөлүн сактап калуу үчүн чектелген операцияларга көз жумуп, бирок кеңири масштабдуу операцияда орус тараптары бир режимдин үзгүлтүксүздүгүнө көңүл бурушун күтүү керек. Ушул себептен Халеп сыяктуу орчундуу шаар борборлоруна карата кандайдыр бир операцияга катуу каршы чыга турган Россиянын 30 километр ичкериге чейин операцияларды каалабаса да үн чыгарбашын күтүү керек. Антпесе, Украинанын агрессиясына карабай кылдаттык менен тең салмактуу болгон Түркия мамилелери туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Мындан тышкары 30 километр ичкериде террористтердин болушу жана иш-аракеттери орустарды үнсүздүккө алып келе турган мүнөздө.

Иран маселеси бир аз татаал. Ирандын ПКК/ПЙД менен арткы пландагы диалогу Түркия үчүн бир коркунуч. Ушул себептен Ирандын Ирак жана Сириядагы кыймылдарына көңүл буруу зарыл.

Натыйжа : Ирак менен Сирияда дагы активдүү бир сезонго кирип жатабыз. Бир эле учурда же бири биринин артынан ар башка аймактарда операциялар жай мезгилинин күн тартиби болот. Албетте эгерде Россия жана АКШ менен болгон дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн бир жыйынтык чыкпаса.



Тектеш кабарлар