Сирияга карата жаңы аскердик операция

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1836849
Сирияга карата жаңы аскердик операция

Президент Эрдоган коомчулукка берген акыркы билдирүүлөрү менен Сириянын түндүгүнө карата жаңы аскердик операциялар тууралуу белгилерди берди. Эрдоган аймактан Түркияга карата террордук коркунучтардын уланып жаткандыгын жана бардык чек ара линиясында 32 километр ичкериде коопсуз аймактын түзүлүшү үчүн ПКК/ЙПГ террордук уюмун бутага ала турган жаңы аскердик операциялардын жүргүзүлөрүн ортого салды.  Украина согушу пайда кылган жаңы геополитикалык теңдеме Түркиянын террор менен күрөшү үчүн жаңы бир мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

Түркия Сириядан келген улуттук коопсуздукту коркунучка салган террор коркунучуна каршы бир топ жолу чоң аскердик операцияларды жүргүздү. Биринчисин 2016 -  жылы «Евфрат калканы» операциясы менен баштап ДЕАШ жана ПКК террордук уюмдарын бир убакта бутага алы, андан кийин Афринде «Зайтун бутагы» операциясын жана акырында да Евфраттын чыгышында Тель Абяд менен Расулайынды камтыгандай түрдө «Тынчтык булагы» операциясын жүргүздү. Бул операциялар менен ПКК/ЙПГ террордук уюмунун Жер Ортолук деңизге баруу жана  террордук мамлекет куруу аракеттери жок кылынды жана уюм болсо Сирияда болууну улантууда. Өзгөчө Евфраттын чыгышында Тель Рыфат жана Манбижде Россия менен Асад режиминин коргоосу астында кыймыл кылып «Евфраттын чыгышында болсо АКШнын коргоосу астында. ПКК/ЙПГнын Түндүк жана Чыгыш Сирия автономиялуу башкаруусу» деген аттын астында автономиялуу аймак түзүп, АКШ жана түрдүү батыштык өлкөлөрдүн колдоосу менен Ракка жана Дейрузорду да камтый тургандай бир саясий жана мыйзамдуу негизде да таанылган бир автономиялуу курулуш болуу аракети сөз болууда. Бирок Түркиянын мындай нерсеге уруксат бер турган ниети жок. Президент Эрдоган коомчулукка берген акыркы билдирүүлөрү менен Сириянын түндүгүнө ыктымалдуу жаңы бир аскердик операциянын белгилерин берди.

Эрдоган аймактан Түркияга карата террордук коркунучтардын уланып жатканын, чек ара линиясынын  32 километр ичкерисинде коопсуз аймак түзүү үчүн ПКК/ЙПГ террордук уюмун бутага алуу үчүн жаңы аскердик операциялардын жүргүзүлө турганын айтты. Украина согушу жараткан жаңы геосаясий теңдеме Түркиянын террор менен күрөшүнүн алкагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.

Өзгөчө Россиянын аскери Сириядан акырындык менен болсо да чыгарылышы жана АКШнын Украина согушуна көңүл бурушу Түркиянын маневр мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө. Керектүү логистикалык даярдыктар көрүлгөндөн кийин Түрк куралдуу күчтөрү машыктырып жана жабдыган Сирия улуттук армиясы менен бирге жогоруда аталган аймактарга каршы кенен аскердик операция уюштуруусу эми мезгил талабы.



Тектеш кабарлар