Түркиянын НАТО саясаты

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1836231
Түркиянын НАТО саясаты

Россиянын Украинага кийлигишүүсү күтүлгөндөй биринчи таасирин НАТОдо көрсөттү. Кансыз согуштан кийин   кеңейүү саясатынын негизинде советтер союзунун  таркашы менен көз карандысыздыгына жетишкен өлкөлөрдү ичине алган НАТО Украина согушу менен бирге бул саясатын улантуу үчүн жаңы бир кыймыл кылды. Украинага карата кийлигишүүсүн бул өлкөнүн НАТОго мүчөлүк процессин негиз катары көрсөтүп мыйзамдаштырууга аракет кылган Москва азыркы учурда Финляндия жана Швециянын мүчөлүк кайрылууларынан улам жаңы бир каршы чыгуу менен беттешти. Бирок бул жолу НАТОнун кеңейүүсү ар дайымкыдан дагы маанилүү абалга келди.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Мунун эки негизги себеби бар экендигин айта алабыз. Биринчиси Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө боло турган болсо  Россиянын реакциясы эмне болору тууралуу. Эгерде Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун коркунуч катары көрүп, жаңы бир аскердик кыймыл кылууга аракет кыла турган болсо анда согуш Украина менен эле чектелип калбайт. Россия реакция кылбастан жана эч бир маселе чыкпастан Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө катары кабыл алына турган болсо анда Россия НАТО тарабынан толук мааниде өз чек арасында курчоого алынган болот. Эки абалда да Россия бул эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушу менен Балтика аймагына дагы көп аскердик күч жиберүүгө мажбур болот.

Экинчи негизги маселе эң күчтүү мүчөлөрдүн бири болгон Түркиянын Швеция жана Финляндиянын мүчөлүктөрүнө нааразычылык билдириши. Бул саясат бир тараптан Украина согушу менен жаңы бир тилектештик процессине кирген союздаштыктын ыргагын бузуу коркунучун түзсө, бир тараптан Түркия менен НАТОнун ортосунда жаңы проблеманын чыгышына себеп болушу мүмкүн. Анкаранын эки өлкөнүн мүчөлүк процессине каршы чыгуусуна абдан жүйөлүү себептери бар. Оболу муну белгилөө керек Түркия НАТОнун жаңы бир кеңейүү кадамына жылуу карап жатат. Ошондуктан ал Финляндиянын кошулушуна ашыкча каршы эмес. Бирок өзгөчө Швециянын ПКК менен болгон мамилеси Анкараны бул өлкөгө карата этият саясат жүргүзүүгө түртүүдө. Анткени Швеция ПККнын өз өлкөсүндө  кыймыл кылышына шарт түзүп, Сириядагы ПЙДга курал-жарак менен бирге экономикалык жардам көрсөтүүдө. Швеция ПКК Европада эң активдүү болгон өлкөлөрдүн бири катары өзгөчөлөнүүдө. ПККнын Швециядагы аракеттеринин арасында; жарандык коом иш  - чаралары, арам акча табуу, Түркияга каршы лобби аракеттерин жүргүзүү сыяктуу көптөгөн мыйзамсыз иштер бар. Швециянын Түркияга каршы саясаттары ПКК менен эле чектүү эмес.  Ошол эле учурда Түркияда 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын артында ФЕТӨ мүчөлөрүн өлкөсүндө жашырып жатат.

Анкара Швециянын бул мамилесинен улам НАТОго мүчөлүгү тууралуу этияттык менен мамиле кылып жана Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына маани бербеген бир өлкөнүн мүчөлүгүн колдобой тургандыгын айтууда. Украина согушу менен геополитикалык мааниси арткан Түркия НАТОнун ичиндеги абалын колдонуу менен Швециядан бул темадагы позициясын өзгөртүүсүн суранышы табигый нерсе. Бирок Түркиянын бул мамилеси НАТО ичинде жаңы бир жараканын пайда болушуна себеп болобу муну күтүп көрүү керек. 



Тектеш кабарлар