Казакстан-Түркия мамилелериндеги жаңы кыйырлар

Евразия күндеми-38

1829385
Казакстан-Түркия мамилелериндеги жаңы кыйырлар
Kazakistan_cumhurbaşlanı_Tokayev
tokayev millet kutuphanesi.jpg
Erdoğan Tokayev Ankarada Kazakistan8.jpg
Erdoğan Tokayev Ankarada Kazakistan1.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин Түркия Республикасына жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев үстүбүздөгү жылдын 10-11-май күндөрү Түркияда биринчи мамлекеттик иш сапары менен болду. Казакстан делегациясы Анкарада алгач Аныткабирди (Ататүрктүн мавзолойи) зыярат кылышты. Андан соң Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаевди Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды. Салтанаттан кийин президенттер тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта уланды. Жолугушуулардын соңунда Түркия менен Казакстандын ортосундагы 15 келишимге кол коюлду. Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы. “Өнүккөн стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга” кол коюшту. Ошентип Түркия менен Казакстандын мамилелери “өнүккөн стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүлдү. Президент Токаев Бештепедеги Улуттук китепканага барып, китептерди белек кылды.

Президент Токаев 11-майда түрк ишкерлери менен жолугушту. Жыйынга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай да катышты. Токаев жыйындагы өз сөзүндө пандемия учурунда Казакстандагы түрк инвестициясы азайбаганын, учурда өлкөдө түрк капиталы менен 4 миңге жакын компания иштеп жатканын, келерки айда өтчү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдан кийин Казакстанда инвесторлор үчүн дагы ыңгайлуураак шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Президент Токаев “Коч Холдинг” жана “Йылдырым Холдинг” сыяктуу түрк компанияларынын жетекчилери менен өз-өзүнчө жолугушту. Иш сапардын алкагында жалпы суммасы 1 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду.

 Президент Токаевдин Анкарага жасаган иш сапары бир нече жактан маанилүү. Иш сапардын алкагында “Түрк авиациялык жана космостук өнөр жайы” компаниясы менен “Kazakhstan Engineering” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул меморандумга ылайык Түркиянын учкучсуз учуучу аппараты АНКА Казакстанда өндүрүлөт. Ошентип Казакстан АНКАнын Түркиядан тышкаркы алгачкы өндүрүш базасы болот. Коргонуу тармагы жана чалгындоо маалыматын бөлүшүү маселеси боюнча Анкарада кол коюлган келишимдер, аймактагы тең салмактуулуктун сакталышы жана Казакстандын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

2022-жылдын 13-майынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары эки эсеге көбөйдү. Мындан ары эки өлкө ортосунда жумасына 124 каттам ишке ашат. Токаевдин иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууга ылайык, Казакстан Түркия үчүн транзиттик өтүү документтеринин квотасын 2 миңден 15 миңге чейин көбөйттү. Батыш Орусияны айланып өткөн транспорт коридорлоруна ыктай баштаган ушул мезгилде Түркия менен Казакстан маанилүү транзиттик өлкөлөр катары өз ара кызматташуусун өнүктүрүүдө.

Президенттер 5 миллиарддан ашкан биргелешкен сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшту. Эки тараптуу мамилелердин динамикасы жакынкы жылдарда бул максатка жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Эске сала кетсек, Түркия Казакстандын эң ири беш соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, президент Токаевдин Түркияга болгон иш сапары абдан жемиштүү өттү. Өзгөчө коргонуу, чалгындоо, экономика, инновациялык технологиялар жана транспорт тармактарында маанилүү келишимдерге кол коюлду. Түрк-Казак кызматташтыгынын бекемделиши Түрк дүйнөсүнүн күчтүү болушуна салым кошот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар