Мээнин туманын дарылоого табигый сунуштар

Шыпаа булагы-34

1824237
Мээнин туманын дарылоого табигый сунуштар

Мээнин туманын дарылоого табигый сунуштар

Бүгүн: Биз мээнин туманы жөнүндө кеп кылып, табигый сунуштарды айтып беребиз.

Мээнин туманы, когнитивдик функциялар чектелген абал катары аныкталат. Адамдардын когнитивдик функцияларында кыйынчылыктар бар экенин жана көптөгөн өнөкөт ооруларды коштогонун көрсөтөт. Мээнин тумандуулугу чындыгында медициналык көйгөй эмес, бул өнөкөт оорулардан кийин байкалган симптомдордун бири гана. Бул симптомдорду төмөнкүдөй тизмектесек болот:

Унутчаактык, көңүл коштук, көңүл буруу/концентрациянын жоктугу,

Ойлорду чогултуу жана сөз табууда кыйналуу,

Буюмдарды таба албай калуу, буюмдарды тез-тез жоготуу, күнүмдүк жөнөкөй иштерди да чаташтыруу сыяктуу көйгөйлөргө туш болуу,

Чечим кабыл алууда, ишти баштоодо же бүтүрүүдө кыйынчылык,

Уйку көйгөйлөрүнө дуушар болуу,

Эртең мененди дайыма чарчаган, каалабаган абалда баштоо,

Тынчсыздануу жана кайгыруу, терс ойлордун топтолушу,

Керексиз ачуулануулар, ашыкча реакциялар,

Күчөгөн чарчоо сезиминин жан дүйнө менен денени капташы,

Күндүз уйкусуроо, ойлордун чаржайыттыгы, аң-сезимдин өзгөрүшү.

Мээнин туманын кантип дарыласа болот?

• Мээнин туманын дарылоодо көңүл бурулушу керек болгон биринчи тема – бул тамактануу. Глютенсиз, шекерсиз жана сүтсүз диета программасы 3 ай бою колдонулушу керек. Бул тамактануу программасында негизинен жашылчаларды жана мөмөлөрдү, зайтун майы, сары май, кокос жаңгагы сыяктуу пайдалуу майларды, туура протеин булактарын, чийки жаңгактарды жана ачытылган азыктарды дасторконуңузга киргизиңиз.

• Өнөкөт стресс бар болсо, психологиялык стрессти азайтуу жана жакшы уйку режимине өтүү үчүн колдоо ала аласыз. Уктай албай кыйналсаңыз, мелатонин колдоосу менен бирге валериана, мелисса, майоран, анис, зверобой сыяктуу өсүмдүктөр пайдалуу болот.

• Физикалык активдүүлүктү жогорулатып ачык асманда кыска мөөнөттүү 20 мүнөттүк сейилдөө мээ туманына жакшы экени белгилүү. Дем алыш күндөрү сыртта, деңиз жээгинде, жаратылышта убакыт өткөрүү да жакшы болот.

 Мээ туманына каршы күрөшүү үчүн;

• Дем алуу көнүгүүлөрүн жасаңыз.

• Басуу же керилүү кыймылдарга көңүл буруңуз.

• Минералдык заттарга бай тамак-аштарды жана суусундуктарды колдонуңуз.

• Суусуз калбаңыз. Көп суу ичиңиз.

• Күндүз жетиштүү протеинди алыңыз.

• Түшкү тамакта сиңирүү оңой болгон тамактарды жеңиз.

• Кант керектөөсүн азайтыңыз.

• Уйкуңузга кам көрүңүз.

• Чай менен кофени колдонууну азайтып; саат 14:00дөн кийин ичпеңиз.

• Мелатонинге бай тамактарды колдонуңуз. Мисалы, алча, зайтун, зайтун майы, анар, брокколи, жаңгактар, уруктар жана данектер.

• Триптофанга бай азыктарды жеңиз. Башкача айтканда, жаныбарлардын протеиндерин, жаңгактарды, буурчак өсүмдүктөрүн, уруктарды жегиле.

• Ичегиңиздин саламаттыгына кам көрүңүз. Сөөктүн сорпосун ичиңиз, глютен менен шекерди колдонбоңуз.

• Помидор, чай, банан, татымалдар, айран, сыр жана цитрус жемиштерин колдонууну азайтыңыз.

• Каныкпаган майларды жана омега 3 керектөөнү көбөйтүңүз. Мисалы, балык, балык майы, грек жаңгагы, портулак, данек, жаңгак, зыгыр уругу.

• Глютенди колдонбоңуз.

• Кошумчалары бар тамактарды жебеңиз.

• Спаржа, топинамбур, алма жана буурчак сыяктуу көп газды пайда кылган азыктарды чектелген түрдө колдонуңуз.

• Тазаланган углеводдорду жана шекерди жашооңуздан алып салыңыз.

• Серотониндин деңгээлин жогорулатуучу тамактарды жегиле (триптофан, белок жана В витаминдерине) бай тамактар ​​(балык, деңиз азыктары, жумуртка, козу карындар)

• В12 витаминине бай азыктар менен тамактаныңыз. (балык, эт, жумуртка, боор)

• Фолий кислотасына бай азыктарды жеңиз. Жашылчалар, боор, балык, жаңгактар, уруктар жана данектер сыяктуу.

• В6 витаминине бай азыктар менен тамактаныңыз. Мисалы, жаныбарлардын протеини, таттуу картошка, тамыр жашылчалар, жаңгактар, каштан, сабиз, шпинат, авокадо.

• С витаминине бай тамактарды жеңиз. Мисалы, калемпир, жашылчалар, жемиштер.

• Селенге бай азыктарды жегиле. Кешью, жаңгактар, жумуртка, жалбырактуу жашылчалар, кызыл эт, балык, деңиз азыктары, гречка.

• Йодго бай азыктар менен тамактаныңыз. Балык, деңиз азыктары, деңиз буурчактары, укроп, йоддолгон ашкана тузун колдонуңуз.

• Тамеки чекпеңиз.

• Даам берүүчү каражаттарды колдонбоңуз.

• Үзгүлтүксүз көнүгүү жасаңыз.

• Йога жана медитация менен машыгыңыз.

• Стресс менен күрөшүүнү үйрөнүңүз.

Мээ туманы кантип тарайт?

Стрессиңизди жакшы башкарыңыз.

Эгерде сизде депрессия бар болсо анда дарыланыңыз.

Уйку көйгөйлөрүн чечиңиз.

Витамин жана минерал жетишсиздиктерин камсыздаңыз.

Эгерде сизде гормоналдык көйгөйлөр бар болсо анда дарыланыңыз.

Көнүгүүлөрдү калтырбаңыз.

Ичеги флорасын тең салмактаңыз.

жана көбүрөөк Омега 3 (DHA) алууга аракет кылыңыз.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар