Индиянын президентинин Түркмөнстанга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-33

1813272
Индиянын президентинин Түркмөнстанга жасаган иш сапары
Hindistan - Türkmenistan.jpg

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Индиянын президентинин Түркмөнстанга жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 1-4-апрель күндөрүндө Индиянын президенти Шри Рам Натх Ковинд Түркмөнстанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Бул иш сапары Индиянын президентинин көз карандысыз Түркмөнстан Республикасына жасаган биринчи иш сапары катары маанилүү. Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов индиялык кесиптешин 1-апрель күнү аэропортто салтанаттуу тосуп алды.

2-апрелде эки өлкөнүн президенттери Огузхан сарайында тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрүштү. Андан кийин делегациялардын ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушууларда эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер талкууланды. Лидерлер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө Түркмөнстан-Индия өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык комиссиясы маанилүү роль ойноорун белгилешти. Индиянын президенти Ковинд өлкөсүнүн Түркмөнстанга мунай өндүрүү, космос жана санариптештирүү жаатында жардам бере аларын белгилеп, президент Сердар Бердымухамедовду өлкөсүнө чакырды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосунда төрт меморандумга кол коюлду.

Индиянын президенти Ковинд 3-апрель күнү Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Эл аралык мамилелер институтуна барып, институттун кызматкерлери жана студенттери менен жолугушту. Ковинд иш сапарынын алкагында Түркмөнстанда хинди тилин үйрөтүп, индиялыктардын маданиятын таанытып келе жаткан мекемелерге барууну да көз жаздымда калтырган жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин түркмөн жаштарынын Индия-Борбор Азия саммитине катыша турганы белгилүү болду. Бүгүнкү күнгө чейин 400дөн ашуун түркмөнстандык студент Индияда билим алган жана стажировкадан өткөн.

Түркмөнстан менен Индия Бириккен Улуттар Уюмунун, Борбордук Азия-Индия диалогунун алкагында  мамилелерин өнүктүрүүдө. Иш сапары учурунда лидерлер аймактык жана глобалдык маселелер боюнча эки өлкөнүн көз карашы бири-бирине дал келерин баса белгилешти.

Түркмөнстан ТАПИ (Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия) жаратылыш газ түтүгү долбооруна чоң маани берет, анткени бул долбоор анын энергия экспортун диверсификациялайт. Бул долбоордун биринчи этабын түзгөн Түркмөнстанда түтүктөрдү куруу иштери аяктаган. Ооганстандагы туруксуздук долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга тоскоол болду. Индия өкмөтү Ооганстанды көзөмөлдөгөн талиптерге жылуу карабагандыктан, ТАПИнин бүтүшү көп жылдарга созулушу мүмкүн.

Эл аралык Түндүк-Түштүк транспорт коридору - эки өлкөнүн мамилесиндеги маанилүү темалардын бири. Индия Ирандын Чабахар портуна инвестиция салуу менен Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Евразиянын түндүгү менен батышына кыска жол менен жетүүнү каалайт. Түркмөнстан да бул долбоорго транзиттик өлкө катары катышууну каалайт жана жакын арада Чабахар портунун биргелешкен жумушчу тобуна өз өкүлүн жиберет.

Индиянын президентинин Түркмөнстанга сапары  Нью-Делинин Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу артып жатканынан кабар берет. Акыркы 30 жылда максатталган деңгээлге жетпеген Борбор Азия-Индия мамилелери, келечекте жаңы деңгээлге көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени акыркы жылдары эки тарап тең бул багытта конкреттүү кадамдар таштай баштады.

Жыйынтыктап айтканда, Индиянын президенти Шри Рам Натх Ковинддин Түркмөнстанга иш сапары эки тараптуу жана аймактык мамилелерди өнүктүрүүгө жана Борбордук Азия-Индия диалогунун жемиштүү болушуна зор пайдасын тийгизет.

Программаны даярдаган; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар