Украина согушунда акыркы абал

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1813211
Украина согушунда акыркы абал

     

Россиянын Украинаны оккупациялоо экинчи айына бара жатканына карабастан аянтта олуттуу ийгиликсиздиктен сөз кылууга болот.  Путин чоң максаттар менен баштаган согушта Россия Киев фронтунан толугу менен чегинүүгө аргасыз болду. Согуш өзгөчө Донбасс аймагында жана Мариуполдо улантылууда. Бирок Россия үчүн чоң аскердик жоготуулар бар. Эл аралык изоляция жана Россияга каршы санкциялар күчөп баратат. Айрыкча Буча сыяктуу аймактардагы окуялар олуттуу эл аралык кыжырданууну жаратты.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 Россиянын президенти Путин чоң максаттар менен Украинаны басып алып кыска убакытта өзүнө жакын бийликти башкарууга алып келерин ойлогон.  Бирок орус армиясы Украинада толугу менен сазга баткандай көрүнүүдө. Армия Киев фронтунан артка чегинүүгө аргасыз болду. Эми болсо кошумча күчтөр менен Донбасстын айланасында Украина армиясы менен кагылышууда. Мариуполдо да  кагылышуулар  болууда. Алгачкы мезгилдердегидей болбосо да орус армиясынын  жоготуулары уланууда. Киев фронтундагы жеңиш менен моралдык артыкчылыгын бекемдеген Украина армиясы эми Донбассты коргоо аракетинде.

Батыштык өлкөлөрдүн Украинага аскердик жана экономикалык колдоосу да улантылууда. Ассиметриялык күч элементтери болгон MANPAD жана анти  - танк куралдарын өткөрүп, Словакиянын бийиктиктен коргонуу системалары С  -300дөр да  Украинага жиберилди. Мындан да күчтүү курал системаларынын жиберилери тууралуу белгилер бар. Булар менен бирге Бучадан келген көрүнүштөр дүйнөнү терең санаага салды. 34 күн орус оккупациясында болгон аймакта бир кыргын болду. Массалык өлтүрүүлөр менен мазарлар ачыкка чыгарылып, зордуктоого учурагандыгын айткан аялдардын айткандары чындыгында үрөй учурарлык.  Бучадагы көрүнүштөр эл аралык коомдук пикирдин бул туура эмес орус оккупациясына байланыштуу кыжырдануусун дагы да күчөттү.

Россияга каршы эл аралык изоляция жана санкциялар күчөтүлүп, Путиндин оккупацияны улантышы өз бийлигин жана өлкөсүн туңгуюкка жетелеп жатат.



Тектеш кабарлар