Эс тутумду бекемдөө
Шыпаа булагы-29
Бүгүн биз эс тутумду бекемдөөнүн табигый жолдорун айтып беребиз.
Күнү бою жеп-ичкенибиз мээбиздин иштөө темпине жана натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этет. Ал ошондой эле биздин маалымат кампабыз болгон эс тутумду өнүктүрүүдө роль ойнойт. Азык-түлүктүн жетишсиздиги жана сапатсыздыгы мээнин иштешинин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Эс тутумду күчтөндүргөн табигый сунуштарды төмөнкүчө тизмектей алабыз;
• Омега-3
Лосось, форель, бонито, сардина сыяктуу омега-3 майлары көп балыктарды жегенге көңүл буруңуз. Анткени омега-3 майы Альцгеймер оорусунун коркунучун азайтат, эс тутумдун жоголушунун алдын алат, мээнин туура иштешине жардам берет жана жүрөк ритмин жөнгө салат. Серотонин гормонун бөлүп чыгарган Омега 3 майы адамдын өзүн жакшы сезишине салым кошот.
• Жашыл жалбырактуу жашылчалар
Капуста, шпинат жана брокколи сыяктуу жалбырактуу жашылчалар мээге пайдалуу азыктар.
• Жаңгак, фындык жана жержаңгак
Алар белоктун жана пайдалуу майлардын булагы болуп саналат. Жүрөк жана мээ үчүн да жакшы. Бирок жержаңгактын аллергиялык өзгөчөлүгүн жана калориялуу экенин унутпаңыз. Ошондуктан күнүнө 15/20 даана керектөө жетиштүү болот.
• Ашкабактын данеги
Абдан пайдалуу болгон ашкабактын данеги магний, темир, цинк жана жезге бай. Цинктин жетишсиздиги Альцгеймер жана депрессия сыяктуу ооруларды пайда кылаары белгилүү.
• Корица
Аң-сезимиңизди жөнгө салып, концентрацияңызды арттырган корица эс тутумуңузду да бекемдейт.
• Жумуртка
Ой-жүгүртүү күчүңүздү жогорулатуу үчүн күн сайын эртең менен бир жумуртка керектешиңиз керек.
• Мөмө жемиштер
Аптасына эки же андан көп порция кулпунай менен көк бүлдүркөндү колдонуу эс тутумдун начарлашын кечеңдетет.
• Дан азыктары
В тобундагы витаминдердин булагы болгон дан азыктары мээнин саламаттыгын коргоо жана күчтүү эс тутум үчүн зарыл.
• Көк чай
Холестерин жана гомоцистеинди азайтып, мээнин функцияларын коргоону камсыздайт.
• Улпактуудан азыктары
Мээ функцияларынын энергия сактагычы болгон улпактуу дан азыктары көңүл коштукту азайтып, көңүл бурууга жардам берет. Ошондой эле кан айланууну жөнгө салат.
• Айран
Кальцийге бай айран эс тутумду бекемдөөгө жардам берет. Күнүнө жок дегенде 2 порция айран же сүт азыктарын колдонууга аракет кылыңыз.
• Черника
Кочкул кызыл жана кызгылт көк мөмө-жемиштерди колдонуу эс тутумун жакшыртат жана кыска мөөнөттүү эс тутумдун жоголушунун алдын алат. Черника алардын бири гана. Бул стрессти да азайтат.
• В витаминдери
Өзгөчө В6 жана В12 витаминдерин колдонуу инсульт, деменция жана альцгеймер оорусунун коркунучун азайтат. В витаминине бай тооктун этин, балык, жумуртка жана жашыл жалбырактуу өсүмдүктөрдү колдонуу маанилүү.
• Карагат
Анын курамындагы С витамини ой-жүгүртүүнү ылдамдатат. Жаш куракка байланыштуу деменция жана альцгеймер оорусуна каршы коргойт. Карагат менен бирге цитрус жемиштери жана брокколи да бул коргоону колдойт.
• Кофе
Кофеин мээнин функцияларынын жогорку деңгээлде иштешин камсыздайт. Ал эс тутумун бекемдеп, аны жакшыртат. Буга күнүнө эки чыны кофе жардам берет. Бирок кофени көбүрөөк ичүү сунушталбайт.
• Помидор
Антиоксидантка бай помидор организмдеги клеткалардын жаңылануусун тездетип, эс тутумду бекемдейт. Бул эрте деменциянын жана жарым-жартылай альцгеймер оорусунун алдын алууга жардам берет.
• Ашкабактын данеги
Цинкке бай жана көптөгөн минералдарды камтыган ашкабактын данеги мээнин досу болуп саналат.
• Брокколи
Ал нерв системасын күчтөндүрөт, рефлекстериңизди бекемдейт жана мээнин өнүгүүсүн тездетет. Ошондой эле организмдеги токсиндерди чыгарууга чоң салым кошот.
• Шалфей
Шалфейдин эс тутумуна чоң таасири бар. Өзгөчө көңүл коштукка каршы биринчи табигый каражат. Экинчи жагынан ал күнүмдүк стрессти да азайтат.
• Спорт жана көнүгүү
Спорт менен машыгуу, басуу же чуркоо - мээнин иштешине салым кошкон дагы бир фактор.
Др Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.