Беттин шал оорусу

Шыпаа булагы-23

1787228
Беттин шал оорусу

Бүгүнкү тема: Беттин шал оорусуна пайдалуу боло турган табигый сунуштар

Беттин шал оорусу - бул бет булчуңдарынын бир бөлүгүн же баарын кыймылдата албоо. Бетке келген нерв жипчелеринин жабыркашынын натыйжасында беттин мимика булчуңдарында кыймыл жоголот. Ар кандай жашта көрүнө турган бул ден-соолук көйгөйүндө; оорулуу кашын көтөрө албайт, көзүн жумуп, оозун кыймылдата албайт. Беттин шал оорусунда бет нервинин бузулушунан улам беттин мимика булчуңдарында кыймыл өзгөрөт. Мындай абал медицинада беттин параличи деп аталат.

Беттин шал оорусуна пайдалуу боло турган табигый сунуштарды төмөнкүчө тизмектей алабыз:

Кокос майы

1 аш кашык таза кокос майын алып, бир аз ысытыңыз. Жабыр тарткан тарапка көңүл буруп, бетиңизге акырын массаж жасаңыз. Аны жууганга чейин жок эле дегенде 30 мүнөт күтүңүз. Муну күнүнө 2-3 жолу жасаңыз.

Массаж

Бир чай кашык кокос майына алты тамчы лаванда эфир майын же ромашка майын кошуңуз. Бул аралашма менен бетиңиздин жабыркаган тарабына акырын массаж жасап 20 мүнөткө күтүңүз,  андан соң жууп салыңыз. Күнүнө эки жолу бетиңизди укалоо керек.

В12Витамини

В12 витаминине бай тамактарды жеш керек. Мисалы

     Кызыл эт: Өзгөчө койдун боор жана бөйрөктөрү В12ни көп өлчөмдө камтыган азыктардын арасында.

     Сүт жана сүт азыктары: сүт, айран, сыр.

     Балык жана деңиз азыктары: скумбрия, сардина, лосось, форель жана тунец

     Ак эт жана жумуртка (тооктун боору жана жумуртканын сарысы) В12 витаминине бай.

Кара зире майы

Бир чай кашык кара зирени бир чай кашык бал менен аралаштырыңыз. Бул аралашманы күн сайын колдонуңуз. Ошондой эле бетиңизге кара зире майы менен массаж жасасаңыз болот.

Кара зире күкүмү менен балдын аралашмасын күнүнө эки жолу колдонуңуз.

Кастор майы

Эки чай кашык кастор майын жылытып, бетиңизге акырын массаж жасаңыз. Таза чүпүрөктү ысык сууга малыңыз. Суусун сыгып чүпүрөктү бетиңизге коюңуз. Чүпүрөк муздагандан кийин аны бир аз ысык сууга малып, бул ыкманы кайталаңыз. Жеңилдөө үчүн муну күнүнө эки жолу жасаңыз.

Көк чай

Күнүнө 2-3 жолу суюк балды аралаштырып көк чай ичүү керек.

Сарымсак жана зайтун майы

Үч тиш сарымсакты жыгачтан жасалган идиште майдалаңыз. Майдаланган сарымсакка бир чай кашык зайтун майын кошуп, бир жолу ичиңиз. Бул аралашманы күнүнө эки жолу колдонуңуз.

Имбирь

Имбирь күкүмүн суюк бал менен аралаштырыңыз. Эртең менен жана кечинде бир чай кашыктан жеңиз.

Күнүнө 2-3 жолу бал аралаштырып имбирь чайын да ичсе болот.

Арча майы

Арча майы менен бетке массаж жасаса болот.

Лаванда гүлү

3 ууч лаванда гүлүн 50 грамм жылуу сууга салыңыз. 48 саат күтүп, чүпүрөк менен чыпкалаңыз. Бул аралашманы шал болгон жерге массаж аркылуу сүйкөңүз.

Розмарин чайы

1 стакан ысык сууга 10 грамм розмарин салыңыз. Аны 10 мүнөт демдеп, күнүнө 2-3 стакан ичиңиз.

 Доктор Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар