Зарна оорусу

Шыпаа булагы-21

1771558
Зарна оорусу

Бүгүн биз сүйлөшө турган тема: Рефлюкс мындайча айтканда зарна оорусу

Рефлюкс (Зарна); Ашказандагы заттар кайра кызыл өңгөчкө агып кеткендиктен кызыл өңгөчтө кээ бир кыжырданууну пайда кылат жана натыйжада кызыл өңгөч тынымсыз ашказан кислотасына дуушар болуу менен өзүн коргой албай калат.

 Зарнанын белгилери:

• Ашказандагы ачышуу,

• Оозго кычкыл, ачуу суу келүүсү,

• Кекирүү,

• Шишүү,

• Керектелген тамактын оозго кайра келүүсү,

• Арыктоо,

• Көкүрөктүн ачышуусу,

• Ооздун сасуусу,

• Өнөкөт фарингит,

• Аллергиялык астма,

• Өнөкөт гайморит жана

• Тиштин чириши.

Зарна болгондо азыраак керектелүүчү же колдонулбашы керек болгон тамак-аштар жана заттарды төмөнкүдөй тизмектей алабыз:

• Абдан ысык жана өтө муздак тамактар,

• Кара чай, кофе,

• Кола жана газдалган суусундуктар,

• Тамеки,

• Маргарин,

• Фри, куурулган тамактар, майлуу тамактар, рулет, кондитердик азыктар, каймак, каймак сыяктуу майлуу соустар,

• Майлуу момпосуйлар, халва, түрк локуму, кургатылган жаңгактар,

• Пияз, сарымсак, томат пастасы жана ачуу тамактар,

• Фри жана картошка пюреси,

• Кургак буурчак, нокот, жасмык, капуста, брюссель капустасы, түстүү капуста сыяктуу газ өндүрүүчү азыктар,

• Цитрус жемиштери, апельсин, мандарин, грейпфрут, лимон, жүзүм, дарбыз жана коон,

• Шоколад,

• Кычкыл тамактар,

• Помидор,

• Кулпунай, клюква, черники жана данектүү кара жүзүм.

Сунушталган тамактар ​​болуп төмөнкүлөр саналат:

• Ачык чай, чөп чайлар,

• Кефир, аз майлуу айран жана пробиотикалык айран,

• Бышырылган, грильде бышырылган эт, тоок, балык,

• Бышырылган жумуртка, фета сыры, майы аз сырлар,

• Күрүч, макарон,

• Бышырылган жашылчалар,

• Сүттүү десерттер, жемиш десерттери,

• Суюк май,

• Бүтүндөй буудай же кара буудай наны,

• Алма, алмурут, банан, шабдалы, алча, жүзүм,

• Брокколи,

• Сабиз жана сабиз ширеси,

• Клеткага бай тамактар,

• Сыр,

• Ромашка чайы,

• Төө буурчак,

• Имбирь, зире, кориандр, тимьян.

• Сүт зарна даттанууларын азайтат.

• Кантсыз сагыз чайноо зарна оорусуна каршы да натыйжалуу.

Зарна даттанууларын азайтуу боюнча башка сунуштарыбызды төмөндөгүдөй тизмектеп алабыз:

 1. Тарелкаңыздагы порцияларды азайтыңыз: Зарна оорусун басаңдатуучу тамактарга артыкчылык берилип, ашказандын керектүү өлчөмдөн ашык толтурулбашы керек. Болбосо мындай абал тамак-аштын оңой кайтып кетишине алып келет.

2. Тамактан кийин уктабаңыз: Тамактан кийин жок дегенде эки саат жатпоого этият болуу керек. Анткени ушундай жол менен ашказан менен кызыл өңгөчтүн ортосундагы бурч жок болот.

3. Тез тамактанбаңыз: Зарна менен ооругандар үчүн ар бир сугунганды көпкө чайнап туруу маанилүү. Мындан тышкары, туруп эмес отуруп тамактануу да натыйжалуу коргоону камсыз кылат.

4. Жаздыктын бийиктиги 30 см болушу керек: Түн ичинде ашказан суюктугунун кайра агып кетишине жол бербөө үчүн башты ашказандын деңгээлинен жогору кармоо керек.

5. Арыктоо: Ашыкча салмактууларда зарна оорусу тез-тез жана оор болот. Андыктан идеалдуу салмакта болуу үчүн кам көрүү керек.

6. Сууну көп ичиңиз: Сууну күн бою маал-маалы менен ууртап ичүү даттанууларды азайтат.

7. Кыймыл кылыңыз: Кечки тамактан кийин 15-20 мүнөттүк кыска сейилдөө бейтаптар үчүн жеңилдетүүчү жана абдан пайдалуу.

8. Туура тамактануу планын түзүү жана тамактануу убактысына маани берүү зарнаны азайтууга жардам бере турган эң маанилүү деталдар.

9. Белди кыскан кийимдерден оолак болуу керек.

10. Тамактан кийин дароо эңкейүүдөн алыс болуш керек.

Д-р Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасын окудуңуздар.



Тектеш кабарлар