Согуштун босогосунда

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикри.

1766568
Согуштун босогосунда

Россиянын Украинага каршы көп жылдан берки кысым жасоо   саясаты акыркы айларда аскердик интервенцияга карай жылып, АКШ жана Европа өлкөлөрү да кирген  процессте олуттуу эскалация болуп жатат. Аскердик мобилизация жана тараптардын акыркы билдирүүлөрү эске алынганда, чоң чыр - чатактын качан да болсо  башталышы мүмкүн экени көрүнүп турат.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири.

Көптөгөн маанилүү геосаясий темада батыштык актерлорду, өзгөчө АКШны  сынаган Путин, лидерликтин алсыздыгынан да, саясаттын жетишсиздигинен да пайдаланып, таасир чөйрөсүн кеңейтүүнү улантты.

АКШнын мамлекеттик катчысы  Блинкен баса белгилегендей, жаңы Советтер Союзу кадам  кадам тузулуп жатат. Батыш өлкөлөрү Украинадан Грузияга, Сириядан Ливияга чейинки негизги кагылышуу аймактарында Россияга каршы бир блок катары батыштык өлкөлөр олуттуу саясат жүргүзө албастан, өзгөчө Байден мезгилинде АКШ да бир саясат жүргүзө албаган, абдан алсыз болгон жана пайда болгон боштукту Россиянын акырына чейин толтуру аракетинде экендиги байкалууда.

Чынында, Украинада жүрүп жаткан процесс дал ушул чоң сүрөттүн проекциясы. Киевде өзүнө каршы коркунуч катары көргөн  бир бийликти сиңдирүүнү каалабаган Путин бардык каражаттар менен Украинаны бутага алып, бул өлкө Түркия, Британия, Польша сыяктуу бир канча өлкөнүн тышында Батыш блогунан олуттуу колдоо ала албады.

АКШнын болсо Байден мезгилинде убадаларын орундатпагандыгы жана Россияга каршы Украина муктаж болгон коопсуздук кепилдигинин берилбегендиги көрүнүүдө. Бул абал да НАТО жана АКШ менен столго отурган Россияны дагы да күчтөндүрүүдө. Германия болсо тарыхый жаңылыштык кетирип, орто класс саясатын көздөйт. Россияга болгон энергетикалык көз карандылык чектөөчү факторлордун бири болсо да Германия Россиянын ыктымалдуу баскынчылыгы жарата турган   геосаясий коркунучтан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири.

Ооба, толук басып алуу азырынча бир ыктымал катары көрүнөт, бирок Россия Киевдеги бийликти алсыратып, Донецк менен Крымдын аймактык бүтүндүгүн камсыз кыла тургандай аскердик кийлигишүүдө боло турган болсо таң калычтуу болбойт.  

Россиянын жүз миңдеген аскерин чек арага жайгаштыруусу, стратегиялык аскердик элеменеттери Белорусияга жайгаштырылганына карабастан АКШнын аракетке өтпөгөндүгү жана бир гана экономикалык санкциялардан сөз кылууну улантып жаткандыгы белгиленииши керек.

Россиянын  ыктымалдуу аскердик  кийлигишүүсү Батыш блогун Россияга каршы катуулатып, олуттуу экономикалык санкцияларга алып келери анык, бирок Путиндин Украина аркылуу геосаясий жана стратегиялык жетишкендиктери бул мүмкүн болгон бардык чыгымдарга карабастан күчтүү көрүнүүдө.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар