Казакстандагы окуялар

Евразия күндеми-21

1765431
Казакстандагы окуялар

Ардактуу угармандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Казакстандагы окуялар тууралуу кеп салабыз.

Жаңы-Өзөн шаарында 2022-жылдын 1-январында суюлтулган газдын баасынын эки эсе жогорулашына каршы башталган нааразычылык акциясы өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Казакстандын Энергетика министрлигинин суюлтулган газдын мурдагы баасын кайтаруу мүмкүн эмес деген билдирүүсү нааразычылыктын курчушуна себеп болду. Окуя ырбап, саясий боёк ала баштаган учурда, тагыраак кайтканда 5-январда Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкага кеткенин, Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын милдетин аткарууга киришкенин жарыялады. Андан кийин өлкө боюнча өзгөчө абал режими киргизилди. Алматыда демонстранттар мурдагы өкмөт үйүн, шаар акимчилигинин имаратын, «Нур Отан» партиясынын кеңселерин, аэропортту, телеканал имараттарын ээлеп алган же бул жайларга залака келтирген учурлар болду.

Окуялар басылбагандыктан президент Токаев 6-январь күнү Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан (ЖККУ) жардам сурады. Уюм Казакстанга 2500 жоокер жиберүү чечимин кабыл алды. 10-январда Казакстандын сунушу менен ЖККУ лидерлеринин кезексиз жыйыны болуп өттү. 11-январда Президент Токаев ЖККУ тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн Казакстандагы тынчтыкты коргоо милдетинин ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн жоокерлери 14-19-январь күндөрү Казакстандан чыгып кетишти.

Президент Токаев 10-январды “Улуттук аза күтүү күнү” деп жарыялады. Казакстандын Башкы прокуратурасы окуяларда полиция, жоокер жана жөнөкөй жарандар арасынан 225 кишинин каза болгондугун, 4578 кишинин жаракат алгандыгын, жалпысынан 546 кылмыш иши козголгонун, булардын 44ү терроризм, 15и адам өлтүрүү фактысы боюнча экендигин, окуяларга 20 миңден ашуун кишинин аралашканын билдирди.

Нурсултан Назарбаев болсо окуялар боюнча  18-январда гана элге кайрылуусун жасап:«Бул окуялар эгемендүүлүктүн көздүн карегиндей сакталышы жана өзгөчө морт кемедей бапестеп багуу керектигин дагы бир жолу көрсөттү. Кырсык баарыбызга сабак болду. Бул кол салуулардын жана адам өлтүрүүлөрдүн баарын ким уюштурганын аныктоо маанилүү. Бул суроого тергөө жооп берет»,-деп айтты.

Ал эми Назарбаев басма сөздө өзүнө тагылган айыптарга токтолуп:  «Булардын баарына жооп катары мен муну белгилеп кетким келет. 2019-жылы мен Касым-Жомарт Токаевге президенттик ыйгарым укуктарды тапшыргам жана ошондон бери пенсиядамын. Мен азыр да пенсиядамын, Казакстандын борборундамын жана эч кайда кеткен жокмун»,-деди.

 Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Карим Масимовго жана анын эки орун басарына бийликти басып алууга аракет жасаган деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Кызматынан алынган энергетика министринини орун басары Жумабай Карагаев камакка алынды. Президент Токаев олигархияны сындады. Мамлекеттик ири ишканалардагы бюрократтар кызматтан алынды.

11-январь күнү Казакстан Парламенти президент Токаев сунуштаган Алихан Смаиловду өкмөт башчылыкка бекитти. Өкмөттүн жаңы курамында Информация жана коомдук өнүгүү министри кызматына киришкен Аскар Умаров Орусиянын кээ бир башкаруучуларына жаккан жок. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо президент Токаев дайындаган министр менен иштешээрин билдирүү менен бул талашка чекит койду.

6-январда президент Режеп Таййип Эрдоган Касым- Жомарт Токаев менен телефондо баарлашты. Эрдоган Түрк Мамлекеттери Уюмунун төрагасы катары муктаждык жаралса Казакстанга ар түрдүү жардамды берүүгө даяр экендигин билдирди. Уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери 11-январда Казакстандагы окуяларды талкуулашты.

Президент Токаев 11-январь күнү “Жаңы Казакстанды биргеликте курабыз” деп олигархтарга каршы күрөш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи. Анын сунушу менен уюштурулган “Казакстан калкына” аттуу фонд калктын социалдык маселелерин, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошот. Казакстан бул процесстен күчтөнүп чыгат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар