Макулярдык дегенерация оорусу

Шыпаа булагы-17

1758200
Макулярдык дегенерация оорусу

Бүгүнкү темабыз: Макулярдык дегенерацияоорусу

Макулярдык дегенерация, Түркияда жана бүткүл дүйнөдө 60 жаштан жогорку адамдардын көрбөй калуусуна алып келе турган негизги себептердин бири.

Аялдар менен эркектер бирдей коркунучта турат. Оорунун эң кеңири тараган себеби – генетикалык ыктуулук.

• 65 жаштан жогорку адамдар,

• Көздөрү түстүү адамдар,

• Ашыкча салмак,

• Тамеки тартуу,

• Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдар оорунун жогорку тобокелдик тобуна кирет.

Макулярдык дегенерация оорусу көбүнчө алгачкы мезгилде эч кандай симптомдорду көрсөтпөйт. Орто даражага келгенде кээ бир симптомдорду көрсөтүп, күчөгөндө көрбөй калуу байкалат. Оорунун толук диагностикасы офтальмолог тарабынан көздүн текшерилиши жана өзгөчө торчо челдин иликтениши менен коюлат.

Макулярдык дегенерация оорусун кечеңдеткен азыктарды жана алардын пайдаларын төмөндөгүчө тизмектей алабыз:

Балык

Омега-3 май кислоталары макулярдык дегенерациянын алдын алууда маанилүү. Эң пайдалуу омега-3 деңгээлин камтыган балыктар - тунец, лосось, форель, сардина жана анчоус.

Жашыл жалбырактуу жашылчалар:

Бейтаптарга чийки шпинат, брокколи, капуста жана кызыл капуста сыяктуу түстүү жашылчаларды көп жеши сунушталат. Жашыл жалбырактуу жашылчаларда макуланы коргой турган көптөгөн антиоксидант пигменттери бар. Ушундан улам шпинат, кызыл капуста жана брокколи сыяктуу кочкул жашыл жалбырактуу жашылчаларды жеген адамдар макулярдык дегенерация оорусуна азыраак чалдыгышат. Булардан тышкары, макулярдык дегенерациядан коргоочу активдүү заттарды камтыган азыктар; жүгөрү, авокадо, сары калемпир, жумуртканын сарысы, апельсин, шабдалы жана курма сыяктуу азыктар болуп саналат.

Папайя

Папайя антиоксидантка бай келет. Анын курамында көздү ультра-кызгылт (УК) нурларынын зыянынан коргоого жардам берүүчү активдүү ингредиенттер бар.

Черника

Черника жемишин керектөө өтө пайдалуу.

Кале

Кале- капустанын бир түрү. Рак менен күрөшүүчү антиоксиданттарды жана витаминдерди камтыйт.

Буурчакөсүмдүктөрү

Жасмык, кара көздүү буурчак жана жашыл буурчак цинктин эң сонун булагы болуп саналат. Ал организмибизге пайдалуу заттарды жана витаминдерди сиңирүүгө жардам берет. Ошондой эле буурчак өсүмдүктөрү белокко бай келет.

Кургатылган жемиштер

Бардык жаңгактар мисалы, кешью, мисте жана бадам, омега-3 май кислоталарынын жана витаминдердин булагы. Алардын курамында көздүн клеткаларын жана ткандарын коргой турган Е витамини бар.

Цинк

Курамында цинк жетишсиз болгон тамактарды жеген адамдар макулярдык дегенерацияга көбүрөөк кабылышат. Цинкке бай азыктар; эт, балык, буурчак, нокот жана сулу сыяктуу азыктар болуп саналат.

А, Е жана С витаминдери

Өзгөчө А жана Е витаминдеринин көздүн саламаттыгына оң таасири илимий жактан далилденген. А витамининин булактары өсүмдүк азыктарынан; шпинат, петрушка, жасмык, пияз, брокколи, мангольд, кабакча, сабиз, картошка, коон, кызыл перец, грейпфрут, буурчакта, эт азыктарынан болсо; боордо, балык майында, бөйрөктө, сүт азыктарынан; сүттө, сары майда, жумурткада, сырда жана айранда көп кездешет. Витаминдин ашыкчасы боордо сакталат жана ашыкча керектөө уулуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул топто Е витамини бар азыктар артыкчылыкка ээ. Е витаминине бай азыктарга; бардык өсүмдүк майлары, жаңгактар, авокадо сыяктуу майлуу жемиштер кирет.

Мындан тышкары, С витаминин антиоксидант таасири Е витамини менен комплекстүү иштейт. Ушундан улам С витамини күнүмдүк жетиштүү өлчөмдө керектелиши керек. С витаминине бай жемиштер; жашылча жана мөмө жемиштерде, өзгөчө цитрус өсүмдүктөрүндө, кивиде, калемпирде кездешет жана күнүмдүк керектөөнү алуу абдан оңой.

Үзгүлтүксүз көнүгүү:

Идеалдуу салмак үзгүлтүксүз көнүгүү менен сакталышы зарыл.

Ультра-кызгылт (УК) нурларына дуушар болбоо керек.

Стресстен качуу керек.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар