Буларды билесиздерби?

Тарыхта биринчи тыйындын  Анадолуда колдонулганын билесиздерби?

1756462
Буларды билесиздерби?

Адамзат тарыхынын негизги ойлоп табууларынын бири болгон акчаны биздин заманга чейинки 7 -  кылымда лидиялыктар ойлоп тапкан.

Анадолунун батышында курулган Лидия цивилизациясы  Азия менен Европанын ортосундагы сооданын борбору болгон. Ал учурга чейин соода айырбаштоо жолу менен жүргүзүлүп, Лидия королунун буйругу менен тыйын ачкачалр басыла баштайт. Тарыхта басылган алгачкы акчалар күмүш менен алтындын аралашмасынан жаслаган теңгелер болгон.

Лидиялыктардан кийин иыйын кенен жайыла баштайт. Анадолудан чыккан акча оболу Жер Ортолук деңиз цивилизацияларына ал жерден да кыска убакытта бүткүл дүйнөгө жайылды. Анадолуда курулган цивилизациялардын королдору үстүлөрүнө өздөрүнүн сүрөттөрү болгон акчаларды бастырышты. Акча бастыруу мамлекеттердин күч жана эгемендигинин символу болду.

 



Тектеш кабарлар