Жакынкы Чыгышта нормалдашуу изденүүсү

Апталык анализ-16

1745797
Жакынкы Чыгышта нормалдашуу изденүүсү
nahyan-erdogan bae.jpg
ERDOGAN_KATAR.jpg
erdogan katar-turk musterek kuvvet.jpg

Жакынкы Чыгышта мамлекеттердин ортосундагы чыңалуу азайган жана салыштырмалуу басаңдаган мезгилге кирип жатабыз. Бул процесстин эң маанилүү көрүнүштөрүнүн бири Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Заиддин Түркияга сапары жана президент Эрдоган менен жолугушуусу болду. Түркия, Сауд Арабия жана Египеттин ортосунда да сүйлөшүүлөр уланууда. Ошол сыяктуу эле, БАЭ да Иран менен окшош процессти жүргүзүүгө аракет кылууда. Анда бул нормалдаштыруу аракети ийгиликтүү болобу?

 Бул тема боюнча SETA / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун баамдоосун сунуштайбыз...

БАЭнин мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Заиддин Анкарага сапары жана президент Эрдоган менен жолугушуусу, көптөгөн келишимдерге кол коюлушу жана 10 миллиард долларлык инвестиция жасала турганын жарыялоо Жакынкы Чыгыштагы жаңы «баланс» издөө үчүн маанилүү көрсөткүч болду. Акыркы айларда дээрлик бардык аймактык актерлор чыр-чатакка эмес, диалогго жана жарашууга умтулушууда. БАЭ Түркия менен гана эмес, Иран менен да ушундай изденүүгө киришти. Ошол сыяктуу Түркия Сауд Арабия, Египет жана Израиль менен карым-катнаштарын жөнгө салууга аракет кылууда.

Андай болсо капыстан аймакта эмне болду, актерлор өз ыктыяры менен позицияларын алмаштырууга киришти?

Бул жагдайды түшүндүрүү үчүн бир нече факторлор алдыңкы планга чыгат. Биринчиси - Байдендин доорундагы АКШнын регионалдык саясаты. БАЭ жана Сауд Арабия мындан ары АКШнын шартсыз колдоосун алышпайт. Ал тургай Ооганстандагы окуялар жана АКШнын Жакынкы Чыгыштан аскерлерин чыгарып жаткан көрүнүшү чындыгында бул өлкөлөрдү олуттуу тынчсыздандыргандай. Ошондуктан Түркия жана Иран сыяктуу өлкөлөргө карата катаал позицияларын кайра карап чыгууга аргасыз болушту. Экинчиси, араб жазы жана элдик кыймылдар мурдагы кыймылдуулугун жоготту. Перс булуңундагы өлкөлөр жана Египет сыяктуу мамлекеттердин башкаруучулары азырынча коопсуздук коркунучун сезишпейт. Ошондуктан бул элдик кыймылдардын колдоочусу жана үлгүсү катары көргөн Түркияны мурдагыдай олуттуу коркунуч катары коддобой калышты. Үчүнчүдөн, аймактык кагылышууларда жана прокси согуштарда эч бир өлкөнүн жеңе албасы түшүнүлүп, олуттуу бир жоготуу-жоготуу чырмоогуна киргени байкалууда. Мындан тышкары, бул күрөштүн экономикалык чыгымы да күн санап өсүүдө.

 Бул факторлордун баары аймак өлкөлөрүн коньюктуралык нормалдашууга умтулууга түрткөндөй. Бирок, Жакынкы Чыгышта туруктуу нормалдашуу жөнүндө айтууга али эрте. Сирия менен Йеменден Ливияга чейин көптөгөн жаңжал аймактары калууда. Ал эми чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн прагматикалык табияты, институционалдык түзүмдөрдүн алсыздыгы, мүмкүн болгон глобалдык өзгөрүүлөр, өзгөчө АКШнын иш-аракет багытында айырмачылыктар болушунун ыктымалдыгы белгисиздикти жаратууну улантууда.



Тектеш кабарлар