Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү

Евразия күндеми-49

1745253
Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо болуп өттү. Бул шайлоодо 21 саясий партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты.  700дөн ашуун эл аралык байкоочу шайлоо процессине байкоо жүргүздү. Эске сала кетчү жагдай, былтыр 4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өткөн. Бирок шайлоо жыйынтыгы элдин нааразылыгынан кийин жокко чыгып, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген, ал эми 6-чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарын бир жылга узарткан. Ошентип кыргызстандыктар үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлашты.

Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан 4-декабрь күнү шайлоодо берилген добуштардын 99.84 пайызы саналып бүттү. Кол санактын расмий эмес жыйынтыгы боюнча, алты саясий партия беш пайыздык чектен өттү. “Ата-Журт Кыргызстан” жалпы добуштардын 17.31 пайызын алуу менен  эң көп добушка жеткен партия болду. “Ишеним” партиясы 13.63 пайыз, “Ынтымак” 10.98 пайыз, “Альянс” 8.33 пайыз , “Бүтүн Кыргызстан” 7.03 пайыз, “Ыйман Нуру” 6.14 пайыз добуш алып, Жогорку Кеңешке өз өкүлдөрүн жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргызстан 11-апрелдеги конституциялык референдумдун жыйынтыгында парламенттик башкаруу системасынан президенттик башкаруу системасына өткөн эле. Жаңы баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин жаңы түзүмү 90 эл өкүлүнөн куралат.  Жогорку Кеңештеги 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келсе, 54 депутат саясий партиялардын тизмесинен болот. Дагы бир айта кетчү жагдай, жаңы мыйзамга ылайык партиялардан болгон депутаттардын бир бөлүгү аялдар, жаштар жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнөн турушу керек.

Кол санактын расмий эмес жыйынтыгы боюнча, бир мандаттуу шайлоо округдарынан эң көп добуш алып, мандат алуу алдында турган талапкерлердин арасында аялдар жок. Бир мандаттуу 36 округдун экөөсүндө «баарына каршы» деп добуш бергендер жеңишке жетишти. Кыргызстандагы шайлоо бюллетендеринде “баарына каршы” пункту коюлган. Бишкек шаарындагы эки округда “баарына каршы” деп добуш бергендердин  пайызы үстөмдүк кылды. Ошондуктан бул округдарда шайлоо кайталанат. Жалпысынан шайлоого катышкан шайлоочулардын 2,18 пайызы “баарына каршы” деп добуш беришти.

Кыргызстанда 3 миллион 700 миңден ашуун  шайлоочу катталган. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын 34,84 пайызы гана парламенттик шайлоого катышты. Эл аралык байкоочулар шайлоонун жалпысынан мыйзам чегинде өткөндүгүн, бирок калктын шайлоодон чарчаганын баамдашканын билдиришти. Эске сала кетчү жагдай, кыргызстандыктар быйыл үч жолу шайлоого катышышты.

Шайлоо босогосунан өтө албай калган саясий партиялардын мүчөлөрү 29-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Борбордук Шайлоо Комиссиясынын имаратынын алдына чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдиришти. Шайлоо күнү кечинде Борбордук Шайлоо Комиссиясынын автоматтык эсептөө системасынын туура иштебей калышы айрым партиялардын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышына себеп болду. Шайлоо болгон күнү кечинде добуштар кол менен эсептеле баштады жана 4-декабрь күнү добуштардын 99.84 пайызы эсептелип бүттү.

Сөзүбүздүн аягында белгилей кетчү нерсе, 28-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо кыргызстандык шайлоочулар өлкөнүн саясий тарыхында алгачкы жолу, партия менен кошо партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерге добуш берүү аркылуу партиялардын тизмесинен кимдерди Жогорку Кеңеште көргүсү келгенин билдиришти.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар