Сасык тумоо

Шыпаа булагы-8

1727798
Сасык тумоо

Бүгүнкү темабыз: Сасык тумоо жана сасык тумоого каршы табигый дарылоо

Кыш айларынын келиши менен сасык тумоонун мезгили да башталат. Суукта жана мезгилдик өткөөлдөрдө грипптен коргонуу маанилүү.

Кышты сасык тумоосуз өткөрүү үчүн биринчи кезекте иммунитетибизди бекем кармашыбыз керек. С жана Е витаминдерине бай жашылча-жемиштерди көп жейли. Мындан тышкары, тамак жана бездин инфекцияларын алдын алуу үчүн коргоочу табигый чөптөрдү колдонсок болот.

1. Кургак пияз : Пияз оорулардан жана инфекциялардан алыс болууга жардам берет. Жогорку температура, сасык тумоо, жөтөл жана аллергия үчүн жакшы.

Аны даярдоо:

• 1 баш пияз

• 2 стакан суу

Пияздын кабыгын арчып 2 стакан сууга салыңыз жана капкагы жабык беш мүнөт кайнатыңыз. Демделгенден кийин чыпкалап ичиңиз.

2. Имбирь чайы:

Даярдалышы:

• 1 аш кашык майдаланган имбирь

• 1 стакан суу

• 1 аш кашык лимон ширеси

• 1 аш кашык бал

1 стакан сууга 1 аш кашык майдаланган имбирди салып отко кайнатасыз. Имбирь өтө кайнатылса ачуу болуп кетет. Ушул себептен бир борк эткенде өчүрүп, 5 мүнөт демделүүгө калтырылат. Андан кийин чыпкалап бал менен лимон кошуп ичүүгө болот.

3. Сасык тумоочайы;

Даярдалышы:

• Липа

• Имбирь

• Калампыр

• Корица

• Суу

Бул чайды жасап жатканда, ичине кошула турчуларды адамдардын санына жараша көбөйтүп же азайта аласыз. Жогоруда айтылгандардын бардыгын чайнекке салып үстүнө кайнак суу куюңуз жана демдеңиз. Ага лимон менен бал кошсоңуз болот.

4. Итмурун чайы;

Итмурун чайы сасык тумоо сыяктуу жогорку дем алуу жолдорунун ооруларына каршы абдан эффективдүү.

Даярдалышы:

• 1,5 - 2 чай кашык итмурун

• Суу

• Бал

1 чоң чыны чай үчүн 1,5-2 чай кашык майдаланган итмурун колдонсо болот. Стаканга кайнак суу куйгандан кийин 10-15 мүнөт демделет. Андан соң чыпкалап бал кошуп ичүүгө болот.

5. Сасык тумоого жана суук тийүүгө каршы анардын кабыгы жана карабаш өсүмдүгү;

Анардын кабыгын хлорсуз 1,5 стакан кайнак сууга салып беш мүнөт жай отто кайнатыңыз, бешинчи мүнөттөн кийин 3 тал карабаш өсүмдүгүн кошуп дагы үч мүнөт кайнатыңыз. Андан соң оттон алып чыпкалап муздатыңыз.

Муздагандан кийин күнүнө бир жолу бир стакан ач карынга ичилет. Бул дарылоо бир жума тыныгуусуз уланат. Бир жуманын аягында токтотулат жана ооруга жараша колдонулса болот.

6. Эхинацеянын кээ бир түрлөрү иммундук системага жана өзгөчө суук тийүүгө натыйжалуу.

7. Липа сезгенүүгө каршы жана ооруну басаңдатуучу таасирге ээ, алкымдын жумшарышынын натыйжасында тамактын кыжырдануусунун алдын алат жана ошону менен суук тийгендин белгилерин азайтат. Көк жөтөлдө адамдарды жеңилдетет.

8. Ооз менен тамактын сезгенүүсүндө колдонулган шалфей өсүмдүгүнүн курамындагы элементтер ооз жана тамак ооруларында пайдалуу. Ошондуктан бул максатта чай түрүндө (кайнатылбастан) даярдалган шалфей менен оозду чайкоо сунушталат. Шалфей менен эхинацеяны биргеликте колдонгонуу да абдан натыйжалуу.

9. Лимон жана бал кошулган имбирь тамырынын чайы суук тийүүгө, тамак оорусуна жана жөтөлгө каршы пайдалуу. Ошондой эле имбирь иммундук системаны бекемдейт.

10. Калампыр ооздун жана тамактын былжыр челинин сезгенүүсүнө каршы эффективдүү.

11. Тоголок жана порошок түрүндөгү Кара калемпир жемиши менен даярдалган чай, ооз жуугуч катары колдонулганда тамак инфекциясын алдын алууга жана жеңилдетүүгө жардам берет.

12. Тыт патокасы сасык тумоого каршы натыйжалуу.

13. Тимьян менен розмаринди кайнатып ичсе болот.

14. Орточо өлчөмдөгү пиязды майда туурап, ага зайтун майы менен лимон кошуп салат жасалат жана аз нан менен желет.

15. Сарымсакты эртең менен жана кечинде жесе болот.

Мехмет Учардын "Шыпаа булагы" программасын окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар