Буларды билесиздерби?

Газиантеп баклавасынын Европа Биримдигинде географиялык көрсөткүч катары катталганын белесиздерби?

1722057
Буларды билесиздерби?

     Баклава - Орто Азиядан чыккан таттуунун түрү жана Анадолуга түрктөр алып келген даам. Убакыттын өтүшү менен Осмон сарайынын ашканасында түрдөнтүлүп, азыркы абалга келген. Азыркы күндө баклава дегенде эске эң биринчи Газиантеп баклавасы келет. Түркиянын Газиантеп шаарында жаралган жана атадан балага, устаттан шакиртине үйрөтүлүп, азыркы күнгө чейин келген Газиантеп баклавасы салттуу түрк ашканасына таандык негизги таттуу түрү.

   Европа Комиссиясы 2013 – жылы Газиантеп баклавасынын жана "корголгон географиялык көрсөткүч" тизмесине киргизүүнү кабыл алды. Өзгөчө өндүрүш ыкмасы, колдонулган  азыктардын түрү жана сапаты менен брендге айланган Газиантеп баклавасы географиялык көрсөткүч катары катталып, Түркиянын маанилүү продукцияларынын бири болду. Газиантеп баклавасынын географиялык көрсөткүч катары катталышы уникалдуу өзгөчөлүктөрүн сактап калышы, тууроону алдына алуу үчүн чоң мааниге ээ болууда. Европа Биримдигинде катталган  түрк ашканасынын продукциясы Газиантеп баклавасы  эми бир гана түрк дасторконунун эле эмес Европанын дасторконунан да орун алууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар