Эрдоган  -  Путин саммити

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1713767
Эрдоган  -  Путин саммити

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Владимир Путин Түркия - Россия карым-катнаштары, Сирия жана Ливия сыяктуу көптөгөн геосаясий  маселелер менен сыналып жаткан учурда Сочиде жолугушту.

Жолугушуу убактысы жагынан маанилүү болгону менен, лидерлердин бардык маселелерге карабастан оң күн тартибин түзө алгандыгы байкалууда. Өзгөчө президент Эрдогандын АКШга жана Байденге каршы катуу билдирүүлөрүнөн кийин Сочи саммитинин маанилүү жыйынтыктары да болушу мүмкүн.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркия  -  Россия карым  - катнаштары бир топ геополитикалык маселелер боюнча сыналууда. Ливияда Россия да колдогон Акила Салихтин лидерлигиндеги Өкүлдөр парламенти өкмөттөн ишеним добушун алып салгандыгын билдирип, Түркиянын Крымга карата мамилеси жана Россиянын Түркиянын Польша жана Украина сыяктуу өлкөлөргө ТБ 2  куралдуу учкучсуз аба аппараттарын сатуусуна байланыштуу тынчсыздануулары эки өлкөнүн ортосунда кээ кээде келишпестиктердин чыгышына  себеп болууда. Бирок ар дайым болгондой эле  эки өлкөнүн ортосундагы негизги маселе Сирия болууну улантууда. Өзгөчө акыркы жумаларда Россиянын Идлибди системалуу түрдө бомбалай башташы, ал түгүл Түркия машыктырып, камсыздаган Улуттук Армияга караштуу элементтерди түздөн түз Афринде бутага алышы олуттуу келишпестикти жаратууда. Түркия бул жаңы аскердик кыймылдуулукту Идлибге карата ыктымалдуу аскердик кыймылга даярдык катары көрүп, аянттагы аскердик күчүн бекемдеди. Андан кийин улуттук коргоо министри Хулуси Акар маалыматтарды берип тынчсызданууларды жок кылды. Россиянын мындан мурунку Сочи келишиминин негизинде ПККнын Сириядагы бөлүгүнүн Түркия чек арасынан 32 километр ичкериге чегинишине шарт түзүшү керек болчу, бирок бул убаданы аткарбашы да маанилүү бир маселе катары ортого чыгууда.

Бул конъюнктурада, эки лидердин жаңы саммит өткөрүү жолу менен жолугушуусу Түркия - Россия карым - катнаштары үчүн маанилүү. Өзгөчө президент Эрдогандын БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйналыштарынын негизинде АКШга жасаган сапарында сүйлөгөн  сөзүндө  Байденди сындашы  жана Путин менен  түрк-орус карым-катнаштары жөнүндөгү позитивдүү билдирүүлөрү Сочидеги жаңы саммиттин маанисин ого бетер арттырды.

Саммитте эки лидер Сирия, Ливия жана Афганистан сыяктуу маанилүү темаларды, ошондой эле энергетика-геосаясат жана өз ара экономикалык карым-катнаштарды талкуулашты. Албетте, коомчулукка жарыяланбаган маанилүү маселелер да талкууланды. Булардын жыйынтыгына келсек, алдыдагы мезгилде  эки өлкөнүн иш стилдери маанилүү маалыматтарды берет. Бирок, акырында, Эрдоган менен Путиндин  Идлиб баш болгон эч бир  маселенин эки өлкөнүн карым  - катнаштарына таасирин тийгизишине жол бербей тургандыгы жана оң күн тартибин сактап калары байкалууда.



Тектеш кабарлар