Анадолунун алгачкылары  - 26. 2021

Алажахөйүк , хетты плотинасы.

1698797
Анадолунун алгачкылары  - 26. 2021

Анадолунун ортосунан абдан көркөмдүү жана маанилүү бир дарыя өтөт. Кара деңиз аймагынын түштүгүндөгү жерлерди суугарып, миңдеген өсүмдүк түрүн өстүрүүдө. Бул дарыя Түркиянын аймагында жаралып жана ушул жерлерден деңизге куйган дарыялардын эң узуну Кызылырмак дарыясы. Кызылырмак азыркы күндө эле эмес, тарыхый процесстин ичинде да Анадолу аймагынын негизги дарыяларынын бири болот... Байыркы доордо Азия Минор тактап айтканда Кичи Азиянын чектери Кызылырмак дарыясы менен чектелген. Көптөгөн эл жайгашат жана Анадолу жерлеринде көптөгөн цивилизация жашайт. Кызылырмак жана жакындарына жайгашкандар бул аймактын эң эскилери. Дүйнөлүк цивилизация тарыхына социалдык, экономикалык жана диний түзүлүшү менен тамгасын баскан, адамзатка көптөгөн салымын кошкон хеттылар да бул аймакка келип жайгашкан.

Хеттылар алгачкылардын цивилизациясы. Алгачкы жазуу түрүндөгү келишим болгон Кадеш тынчтык келишими хеттылар жана египеттиктердин арасында түзүлөт. Анадолуда аттарды биринчилерден болуп колго үйрөткөндөр да хеттылар болушту жана эки дөңгөлөктүү аскердик арабаларды ойлоп табышты. Хеттылар Анадолу географиясында биринчи жолу уюмдашкан бир мамлекет түзүлүшү менен күчтүү бир борбордук башкарууну да курушту. Азыркы күндөгү «парламенттик монархиянын»  пайдубалын алар түптөштү. Хеттылар бир гана башкаруу жана аскердик жөндөмдүүлүктөрү менен гана алдыга чыккан жок. Шаар куруу жана архитектуралык жактан да көптөгөн ийгиликтерге жетишишти.  Кыйын шарттардагы аянттарда да функционалдуу шаарларды курушту.

Адамзаттык тарыхынын эң эски цивилизацияларынан бирөөсүн бул кыска убакыттын ичинде айтып берүү мүмкүн эмес албетте. Биз бүгүн хеттылардан күнүбүзгө чейин келген жана азыр да иштеп жаткан Анадолудагы бир гана, дүйнөдөгү бир канча плотиналардын бири болгон Хетты Гөлпынар плотинасынан сөз кылабыз.

Хеттылар «Миң кудайлуу эл» деп билинет. Бирок бул кудайлардын арасында суунун башка бир орду бар. Бир гана турмуштук мааниге ээ болушунан эмес, ошол эле учурда ыйыктыгына ишенгендиктен шаарларын жана өзгөчө да храмдарын суу жээктерине курушкан. Ошондуктан Кызылырмак  баккан жерлерге жайгашуулары жөн гана туш келүү эмес. Булактар, агын суулар, көлдөр, деңиздер кыскасы жер жүзүндөгү бардык суулар алар үчүн ыйык. Хеттылар монументалдык суу курулуштарын курушат жана ушундайча Анадолунун алгачкы суу курулуштары ортого чыгат.

Суу менен тазалангандыктан храмдардын жанына ыйык бассейиндерди курушат. Анткени хеттылар үчүн кудайлардын алдына чыккандан мурда материалдык жана руханий тазалык, бир гана суу менен мүмкүн болгон. Храмдарда жуунуу жана тазалануу максатында атайын бөлмөлөрү болгон.

Турмуштарынын ар бир учурунда сууга жакын болууну каалашат хеттылар. Бирок жайгашкан георгафиянын климаты катаал жана суугарууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан жер түшүмдүү болгон эмес. Ушул күнгө чейин келген иероглиф менен жазылган таблеткаларда көп сандаган жамгыр дуасын көрүүгө болот, кургакчылык жана ачарчылыктан бат  - бат сөз болот. Суу боюнча кыйынчылыктарды жашаган бул цивилизация  аймак жана климаттык шарттарга ылайык системаларды ойлоп табууга мажбур болот. Жерлерин суугаруу, күнүмдүк турмуштук зарылчылыктарын камсыз кылуу жана диний милдеттерин орундатуу үчүн жамгырга жана жасалма суугарууга таянган системаны чыгарышат. Ушундайча архитектуралык жана  инженердик тармактарында өздөрү жашаган доордон алда канча өнүгөт. Бассейиндерди, плотиналарды, цистерналарды, каналдарды курушат. Бул плотиналардын бири Анадолудагы алгачкы плотиналардын бири. Алажахөйүктөгү Гөлпынар хетты плотинасы 3000 жашта жана бүгүнкү күндө Анадолуда гана эмес, дүйнөдө дагы иштеп жаткан алгачкы плотина.

Плотинанын Анадолуда болгон чоң кургакчылыктан кийин хетты королдору тарабынан курулгандыгы белгилүү.

Алажахөйүк хеттылардан мурда аймакка жайгашкан хаттилер мезгилинин эң чоң шаарларынын бири. Хеттылар мезгилинде да маанисин жоготкон эмес жана иероглиф менен жазылган таблеткаларда булак жана суу булактары менен белгилүү бир шаар катары аталат. Бул кургак шаар суу курулуштарынын жардамы менен хеттылар мезгилинде «Пынар шехир» башкача айтканда «Булак шаар» деген маанини билдирген Аринна деп аталат. Алажахөйүктөгү хетты плотинасы аскалардын оюлушу менен пайда болгон жана азыркы күндөгү плотиналарда болгондой ашыкча сууларды чыгарууга жараган механизмге ээ. Плотинада чогулган суунун айыл  - чарбада, ичүүгө боло турган суу муктаждыгынын камсыз кылынышында жана диний максатта колдонулгандыгы белгилүү.

Дүйнөлүк маданий мурас катары кабыл алынган суу плотинасы «Дүйнөнүн иштеген эң чоң плотинасы». Казуулардан кийин ачыкка чыгарылган плотина проектилер менен кайрадан ишке кирди. Бүгүн Алажахөйүктөгү дыйкандар бул миңдеген жылдык байыркы полтинанын сууларын колдонууда.

Хеттылар жайгашкан башка жерлерде да суу плотиналарын курушкан. Суу муктаждыктары жана жер кыртышына көңүл бурушкандыктан курган ар бир плотина бири биринен айырмаланып турат. Түздүктөгүлөрдү бассейин, бийик жерлердегилерди терасса түрүндө курушат. Кайсери, Конья, Сивас жана Чорумдагы плотиналар иликтенгенде бул цивилизациянын жашаган мезгилине караганда математика жана инженердикте алдыда экендигин көрсөтөт.

Хеттылар албетте бир гана суу плотиналарын курушкан эмес. Аскалардын ичине оюп жасаган цистерналарда жамгырдын суусун чогултуп, сууну сактоо үчүн кампа жана бассейиндерди курушат. Чогулткан сууларды бышкан чоподон жасалган жана бири бирине кийдирилген түтүктөр менен үйлөргө чейин алып келишкен. Хеттылар бул жерлердеги монументалдык суу курулуштарын да биринчилерден болуп курушат. Абдан чоң жана оор таш блокторун, мезгилдин мүмкүнчүлүктөрү менен иретүү түрдө кесип, чогултушат. Иштелген таштар азыр да көргөндөрдү таң калтырат.

Хеттылар суунун маанисин миңдеген жылдар мурда билген. Суу тууралуу бардык курулуштардын жылда кеминде бир жолу тазаланышы жана жаман нерселерден коргоо, суугаруу системаларына зыянчылык алып келгендердин жазаландырылышы сыяктуу эрежелерди киргизишет. Хеттылар суу инженердигинин жол башчысы болушат. Анадолунун инженердик тууралуу маалымат пайдубалын түзүп, багыт бергендер хеттылар.

Бүгүн Европа менен Жакынкы Чыгыштын мифологиясына, тилине, динине, саясатына жана маданиятына чоң өлчөмдө таасир берген, дүйнөнүн эң чоң цивилизацияларынан бири хеттылар. Адамдын суу менен болгон байланышына башка бир өлчөм алып келген, сууга сый көрсөткөн, Анадолунун эски цивилизацияларынан болгон хеттылардан азыр да үйрөнө турган көптөгөн нерсе бар.

Бүгүнкү программабызда бул жерлердин эң күчтүү мамлекеттеринин бири болгон хеттылардан, алардын суу менен болгон байланышынан жана  Анадолунун эң эски, дүйнөнүн иштеген алгачкы жана бир гана суу полотинасы Алажахөйүктөгү Гөлпынар хетты плотинасынан сөз кылдык.



Тектеш кабарлар