Кыргызстандын Президентинин аймактагы мамлекеттерге иш сапары

Евразия күндеми-29

1673577
Кыргызстандын Президентинин аймактагы мамлекеттерге иш сапары
Sadır Caparov Türkmenistan 24.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 20.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 21.jpg
Sadır Caparov Türkmenistan 14.jpg

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасынү уктуруубузда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Орто Азия аймагындагы мамлекеттерге жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чет мамлекеттерге президент катары алгачкы иш сапарларын жасоону улантууда. Үстүбүздөгү жылдын 27-29-июнь күндөрү  Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстан жана Тажикстанда алгачкы иш сапары менен болду. Жапаров мындан сырткары 2-июль күнү Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Азербайжанга жиберди. Эми бул иш сапарларына жакындан көз чаптыралы.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанда иш сапары менен болду. Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов Садыр Жапаровду Ашхабат шаарында расмий азем менен тосуп алды. Алгач эки мамлекеттин президенттери тет-а-тет форматында жолугушту. Андан соң кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр улантылды. Тараптар 100 миллион долларлык орток өнүгүү фондун куруу, түркмөн табигый газы менен электр энергиясын күз-кыш мезгилдеринде Кыргызстанга жеткирүү, Бишкекте түркмөн соода үйүн, Ысык-Көлдө “Түркмөнстан” мейманканасын куруу боюнча макулдашышты. Жолугушуулардын соңунда эки мамлекет ортосунда 14 келишимге кол коюлду.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 28-июнь күнү Түркмөнстандан Тажикстанга барды. Тажикстандын Президенти Имомали Рахман Душанбеде Садыр Жапаровду расмий азем менен тосуп алды. Эки өлкө лидерлери алты саат тет-а-тет форматында сүйлөшүү жүргүзүштү. Андан соң делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен сүйлөшүүлөр улантылды. Жолугушуу соңунда 4 келишимге кол коюлду.

2-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанда иш сапары менен болду. Руслан Казакбаев Бакуда Азербайжандын премьер-министри, Тышкы иштер министри, Улуттук жыйындын спикери ж.б. жетекчилер менен жолугушту. Кыргызстан жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтык мамилелерин талкуулашты. Жолугушуу соңунда Тышкы иштер министрликтеринин 2021-2022-жылдардагы кызматташтык программасы кабыл алынды. Казакбаевдин Бакуга Президент Жапаровдун катын Азербайжандын Президенти Илхам Алиевге тапшыруу үчүн келгендиги, аты аталган катта эки өлкө мамилелерин стратегиялык деңгээлге чыгаруу, “Борбордук Азия+Түштүк Кавказ (5+3)” кызматташтык платформасын куруу сунуштарынын бар экендиги билдирилди.

Урматтуу окурмандар, президент Жапаровдун тышкы саясатта артыкчылыкты аймактагы боордош, кошуна мамлекеттерге таанып жатканы мактоого татыйт. Боордош мамлекеттер ортосунда биримдик, интеграция болбосо, өнүгүү, ири мамлекеттердин басымдарына туруштук берүү кыйын болуп калат. Орто Азия мамлекеттеринин бейрасмий жолугушуусунун быйыл Кыргызстан же Түркмөнстанда өтүшү күтүлүүдө. Ашхабатта Жапаров Бердимухамедов менен бул маселени да талкуулашканын жоромолдой алабыз.

Афганистандан келиши ыктымал болгон коркунучтарды алдын алуу жана Афганистанда тынчтык жана стабилдүүлүктүн орношу, аймактагы мамлекеттердин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биримдикте иш алып баруусу менен гана ишке ашат. Өткөн айларда чек арада кагылышуу болгонуна карабастан Жапаровдун Душанбеге иш сапары менен барышын, аймактын Афганистанга байланыштуу коопсуздук маселелерин биримдикте чечүү аракети менен түшүндүрө алабыз.

Президент Жапаров сунуштаган “Борбордук Азия+Түштүк Кавказ (5+3)” кызматташтык платформасын жүзөгө ашыруу убактысы келди. Анткени көптөгөн жылдар бою пикир келишпестик орун алган Каспийдин укуктук статусу темасы чечилди. Кавказдагы жана Орто Азиядагы лидерлер өз ара жолугушуу уюштуруп келишүүдө. Мындан ары Теңир-Тоодон Агры Тоосуна чейинки аймактагы мамлекеттер биримдикте иш алып барышы керек. “Борбордук Азия+Түштүк Кавказ (5+3)” кызматташтык платформасы жүзөгө ашырылса, маанилүү функцияларды аткара алат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар