Ден-соолуктун башаты-14

Измир шаарындагы Докуз Эйлүл  университетине караштуу Докуз Эйлүл билим берүү жана изилдөө бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Айбек Эркебаев мырзанын маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1673574
Ден-соолуктун башаты-14

Урматтуу окурмандар, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түркиядагы бейтапканалар тууралуу маалымат жана нейрохирургия тууралуу маек болмокчу.            

            Бул программабызда  Измир шаарындагы Докуз Эйлүл  университетине караштуу Докуз Эйлүл билим берүү жана изилдөө бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Айбек Эркебаев мырзанын маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

          Суроо: Саламатсызбы, Айбек мырза. Алгач биздин программабызга убактыңызды бөлүп маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүздү тууралуу кыскача тааныштыра кетсеңиз.

         Жооп: Саламатчылык. Сиздерге дагы чоң рахмат. Аты-жөнүм Айбек Эркебаев. Кыргызстанда Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынан болом.  2009-жылы Кызыл-Кыя шаарынан орто мектепти аяктап 2015-жылы Бишкектеги Медициналык Академияны бүтүргөм. Андан соң ата-энемдин колдоосу менен Түркияга ординатурага тапшырганы келдим.

          Суроо: Азыркы тапта сиз нейрохирургия бөлүмүндө окуп, эмгектенип келе жатыптырсыз. Кесибиңизди кандайча тапдап алдыңыз? Түркияда нейрохирург болгондун артыкчылыгы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу бизге айтып берсеңиз.

          Жооп:  Мен негизи эле хирургия бөлүмүн мурдатан эле жактырчумун. Ошондуктан 2017-жылы экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандан кийин нейрохирургия бөлүмүн тандап алдым. Азыркы учурда Измир шаарындагы “Докуйз Эйлүл” университетинин бейтапканасында төртүнчү жылымды аяктап келе жатам. Мен бул бөлүмдү аябай жоопкерчиликтүү бөлүм деп эсептеймин. Себеби, биз нерв системаларынын үстүндө иштегенибиз үчүн ар бир кайдыгерликтин аркасынан кайтарылбас каталар болуп калышы мүмкүн деп ойлойм. Мисалга айтсам, адам баса албай калышы мүмкүн, колун кыймылдата албай калышы мүмкүн, сүйлөй албай, көрө албай калышы мүмкүн. Ошол эле учурда чоң жана кичинекей абдестин аткара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан бул бөлүмдү аябай оор жана өтө жоопкерчиликтүү бөлүм деп эсептеймин. Негизи Түркияда Кыргызстандагыдай эле бул жакта дагы биздин операциялар эки этаптан турат. Спинальный жана хрониальный болот. Мындайча айтканда, операцияларды мээге жана омурткасына жасайбыз. Булардын ичинен эң көп гемотома, опухоль жана грыжа болушу мүмкүн, ошол эле учурда ар кандай травмалар кириши мүмкүн, аномалиялар болушу мүмкүн. Айта берсе көп болот булардан. Мына ушул сыяктуу ооруларга операцияларды жасайбыз. Түркиянын нейрохирургиясы боюнча айта кетсем, бул жакта жаңы баштаган ординаторлор үчүн он беш күн дежурство болот жана иштөө мөөнөтү болот. Дежурстволор оор өтөт. Анан ар кандай учурлар болушу мүмкүн. Стационарда бейтап бир убакта оорлошуп кетиши мүмкүн. Сырттан авто кырсык жана башка себептерден улам кошумча бейтаптар келип түшүшү мүмкүн. Ошолорго кыска мөөнөттө туура чечим кабыл кылып, тез жардам көрсөтүш керек болот. Аларда операциялар болсо батыраак операциясына даярдап операциясын жасаш керек болот. Ошондуктан мен бул бөлүмдү бир гана жактыргандар гана иштеп кетишет деп ойлойм.

            Суроо: Сиз азыр Түркиянын Измир шаарындагы “Докуз Эйлүл” университетине караштуу бейтапканада эмгектенип келе жатыптырсыз. Түркияда университетке тийиштүү бейтапканалар, мамлекеттик бейтапканалар жана жеке бейтапканалар бар эмеспи.  Булардын айырмачылыктары эмнеде? Мына ушулар тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеңиз.

            Жооп: Ооба, туура айтасыз. Үч түрдүү бейтапканалар бар. Бул жакта булардын айырмачылыктары көп болот. Бирок, мен сиздерге өзүм билген негизги айырмачылыктарды айтып кетейин. Биринчи, университетке тиешелүү бейтапканалар – булар, бир гана университетке байланыштуу болуп, булардын өзүнүн бюджети болот. Ошол бюджети менен өзүнүн ичинде өзү циркульяция болуп өзүн-өзү камсыздайт. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт буларга. Ошол эле учурда бул жактын профессордук жана ординатордук составы аябай эле чоң болот. Ошондуктан муну “Үчүнчү басамак бейтапканасы” деп атап коюшат. Мисалы, биздин бейтапкана “Докуз Эйлүл” университетинин бейтапканасы болуп эсептелет. Бул жакта биздин бөлүмгө байланыштуу бүтүн операциялар, бардык ооруларга каршы операциялардын баары жасалат. Ошол эле учурда бул бейтапканалар жаңы жана күчтүү аппарат, технологиялар менен камсыз болот. Ал эми мамлекеттик бейтапканаларды айтып кетсем, булардын бюджети мамлекетке байланыштуу болгондуктан мамлекет камсыз кылат. Буларда составы кичирээк болот. Ошондуктан оор жана кыйын операциялар бул жакта жасалбайт. Булар оор бейтаптарды “үчүнчү басамак” бейтапканаларга направление берип жөнөтүшөт. Бул жакта жеңилирээк сыркоолуу бейтаптар жатып жана азыраак бейтаптар кайрылышат. Ал эми жеке бейтапканаларды айтып кетсем, бул бейтапканалар аябай өнүккөн. Буларда да ар кандай ооруларга каршы кыйын операциялардын баары жасалышы мүмкүн. Кичинекей жана чоң бейтапкана болуп экиге бөлүнөт. Чоң жеке бейтапканаларда бүтүн операциялар жасалган үчүн кыйын-оор бейтаптар жатышы мүмкүн. Бирок, булардын акысы мамлекеттик бейтапканаларга салыштырмалуу бираз кымбат болот. Ошол эле учурда буларда аябай жакшы шарттар менен жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүлөт. Негизги айырмачылыктар мына ушулар деп билем.

           Суроо: Айбек мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, ден соолукта болуңуз. Саламатта калыңыз.

          Жооп: Чоң рахмат. Сиздердин дагы ишиңиздерге ийгилик каалайт.

            Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар