Буларды билесиздерби?

Түркиянын саламаттык сактоо туризми.

1665183
Буларды билесиздерби?

Түркиянын саламаттык сактоо туризминде дүйнөдө эң көп тандалган  өлкөлөрдүн бири экенин билесиздерби?     

Мурунку доорлордон бери  адамдар ооруларын айыктыруу үчүн саякатка чыгышыптыр. Транспорт, коммуникация жана медициналык технологиялардын өнүгүшү менен азыркы күндө саламаттыкты сактоо туризми дагы да кенен жайылды. Түркия да географиялык жана стратегиялык абалы, тейлөө сапаты, климаты менен  саламаттыкты сактоо туризминде эң көп тандалган өлкөлөрдүн бири.

Түркиядагы медициналык дарылоо жана операциялык чыгымдар башка Европа жана батыштык өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Европа өлкөлөрү менен салыштырылганда Түркияны саламаттыкты сактоо туризми үчүн дагы ылайыктуу кылган нерсе арзан болушунда эмес. Жогорку стандартардагы тейлөө сапаты, жеке кишини тейлөө, күтүү мөөнөтүнүн кыска болушу жана бай маданий мурасы сыяктуу өзгөчөлүктөрү, Түркиянын саламаттыкты сактоо туризминде биринчи орундарда орун алышына мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Саламаттыкты сактоо туризми үчүн медициналык мекемелердин Joint Commission International тарабынан акредитацияланышы керек. Түркияда 45ке жакын акредитацияланган мекеме бар жана бул тууралуу дүйнөдө экинчи орунда турат. Эл аралык бейтаптар эң көп тандаган шаарлар Стамбул, Анкара, Анталья, Измир, Эрзурум жана Ван. Эң көп тандалган клиникалык тармактар аял оорулары, көз, көкүрөк, жалпы хирургия, ички оорулар, ортопедия жана травматология, медициналык онкология, кардиология, кулак-мурун жана урология бөлүмдөрү...

Түркияга саламаттыкты сактоо максатында келгендердин басымдуу бөлүгү чач өстүрүү жана тиш жасатуу сыяктуу эстетикалык же пластикалык хирургияга кайрылышат.

 



Тектеш кабарлар