Буларды билесиздерби?

"Алгачкы медицина факультети".

1658662
Буларды билесиздерби?

Дүйнөдөгү биринчи медициналык окуу жайы 13-кылымда Кайсери шаарында негизделгенин билесиздерби?

Селжуктук өкүмдарларынан II Кылычарсландын кызы Гевхер Несибе Султандын керээзи боюнча агасы I Гыяседдин Кейхүсрев тарабынан 1206 -  жылы курулган медициналык билим берилген мечит жана оорукана, медициналык билим берүү жана кызмат кылган дүйнөнүн алгачкы борбору.

Гевхер Несибе Султан сарайдын атчан аскерлер командирине ашык болот жана агасы I Гыяседдин Кейхүсрев баш кошууларына уруксат берген эмес.

I Гыяседдин Кейхүсрев атчан аскерлердин командирин согушка жиберет жана согушта каза болушуна себеп болот. Ошондон кийин катуу ооруп калган Гевхер Несибе Султан көз жумаардан мурда агасына өз атынан адамдар акысыз дарылануу үчүн оорукана курушун керээз калтырат. Карындашынын өлүмүнө кайгырган I Гыяседдин Кейхүсрев 1204 – 1206 -  жылдардын арасында оорукана, 1210 – 1214 -  жылдардын арасында да медициналык медресе курдуртат. Ооруканада хирургия жана көз, ички оорулар, психикалык оорулар бөлүмү менен бирге дарыканада кызмат кылган. Мезгилдин белгилүү түрк дарыгерлери ушул медреседе окуп жана сабак беришке.

Гевхер Несибе Султан жана медресеси Эржийес университети тарабынан музейге айландырылып, 1982 – жылы Гевхер  Несибе медициналык музейи катары ачылды. 

 



Тектеш кабарлар