Анадолунун алгачкылары - 15. 2021

Эзоп жана Евдокс.

1656503
Анадолунун алгачкылары  - 15. 2021

     Бир убактар бир короодо атаандаш эки короз жашаптыр. Акырында экөөсү беттешип, чокулаша баштаптыр. Беттеште жеңилген короз уялгандыктан кепенин бир бурчуна жашырынып,  жеңген короз  болсо сыймыктануу менен кепенин чатырына чыгып, канаттарын каккылап, кыйкыра баштаптыр. Ушундайча жеңишин баарына жарыялагысы келиптир. Бирок асманда аң уулап жүргөн бүркүт бул кекээрденген корозду көрүп ылдам түрдө ылдый карай учуп корозду илип кетиптир.

Бүгүнкү программабызды Эзоптун жомогу менен баштадык. Кийинчерээк «тамсил» деп атала турган, жаныбарлар адам сыяктуу сүйлөтүлгөн жанрдын биринчи жаратуучусу Эзоптон сөз кылабыз.

Анадолу негизинен бир цивилизация чынжырынын бир бүтүнү. Анткени миңдеген жылдар бири биринин артынан келген  түрдүү маданияттарга кучак ачат. Искусство, маданият, адабият, архитектура...

Алардын бардыгы бири-бирине таасир этип, бары да дүйнөгө таасирин тийгизди. Эзоп дагы ... Анадолудан чыгып, бүткүл дүйнөгө жайылган адабий жанрды жана ойлондурган жомоктордун атасы ... Анын жашоосу жөнүндө так маалымат жок. Бирок, анын Эмирдагдын жанындагы Амориум шаарында туулушу толук ыктымал деп болжолдолууда. Фракияда төрөлгөн дегендер дагы бар, фригиялык дегендер да бар. Ал түгүл мындай адам эч качан болгон эмес жана ал легендарлуу каарман деп айткандар да бар.  Бирок, байыркы мезгилдин белгилүү тарыхчысы Геродоттун айткандарын карап көрөлү. Тарыхтын атасы Геродот чыгармаларында Эзоптун өзүнөн  жүз жыл мурун жашагандыгын жана кул болгонун  айтат.

Эзоп кээ бирөөлөрүн элден уккан жана кээ бирөөлөрүн өзү жараткан жомоктору менен, бир жагынан, адамдарга адеп-ахлактык жана туура мамиле кылууга кеңеш берсе, экинчи жагынан алардын алсыз жана кемчиликтерин көрсөткөн. Ал муну мурда болуп көрбөгөндөй бир метод менен кылган. Жомокторду жаныбарлар аркылуу айтып, аларды сүйлөткөн. Жаныбарлар анын жомокторунда жаратылыш өзгөчөлүктөрүн сактоо менен орун алган. Тактап айтканда түлкү айлакер, карышкыр чыккынчы, арстан тайманбас, чычкан коркок бирок адам сыяктуу сүйлөп, адам сыяктуу ойлоп жана мамиле кылган. Эзоп жөнөкөй тил колдонгон жомокторунун тарбиялык мааниси зор болгон.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаныбарларды борборго коюу жана алар аркылуу окуяларды айтып берүү Эзоптон мурда деле болгон.

Мындай  мисалдар Индиядан Месопотамияга чейинки кеңири географияда кездешет. Албетте ал мезгилдерде «фабл» деп аталган тамсилдер болгон. Тамсилдер Эзоп жомокторунун латынчага которулушунан кийин ортого чыкты. Жомоктор белгилүү француз акын Ла Фонтейнеге илхам булагы болот жана «ичинде асабак жана насаат болгон баян» катары аныкталып, дүйнө адабиятындагы ордун алат тамсилдер. Ал түгүл кээ бирлери Ла Фонтейненин жомокторунун баары негизинен Эзоптуку экендигин айтышууда.

Эзоп жомоктору он томдук болуп чогултулат бирок жоголуп кетет. Айрым булактар Эзоп каза болгондо жомокторунун саны 20га жакын экендигин айтышууда. Балким башкалары Эзопко арнап жомокторунун көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөндүр. Баликм да баарын Эзоп айтып бергендир. Айтуу кыйын. Бирок дүйнөнүн улуу жомокчуларынын бири катары кабыл алынууда анадолулук Эзоп жана жомоктору да адамзаттын жалпы маданиятына таандык жомоктор катары тарыхка өттү.

Эки миң алты жүз жыл мурун Эзоп менен Анадолуда пайда болгон жомок, кийинчерээк Ла Фонтейнге дем берип, бүт дүйнөгө жайылган ... Себеби сүйлөгөн, адам сыяктуу кыймылдаган жана философияга ээ болгон бул жомокторду балдар сыяктуу улуу кишилер да жактырышкан.

Анадолу тарыхтын жана адабияттын гана эмес, медицина менен математиканын да бешиги. Египетте жана Месопотамияда жаралган деп эсептелген математика адамзат тарыхындагы эң эски илимдердин бири. Геродот Нил дарыясынын суу ташкыны математиканын, тагыраак айтканда, геометриянын жаралышында чоң роль ойногон деп ырастайт. Аристотель дин кызматкерлеринин өздөрүн алек кылуу үчүн  жана зериктирүүдөн арылтуу үчүн табышкан деп айтат. Математикада чыныгы прогресс Иония мезгилинде жүрөт.

Анадолулук Эзоп аз билинип, Ла Фонтейн бүткүл дүйнөгө белгилүү болгондой эле, бул жерлерде Архимед менен Евклиддин жолун ачкан байыркы доордогу маанилүү илимпоз бар: Книдостук Евдокс (Одокс). Мугланын Датча районунун Книдос шаарында төрөлгөн Евдокс белгилүү байыркы грек философу Платондун окуучусу болгон. Ал философия менен гана алектенбестен, математика, астрономия жана укук жаатында билим алып, өзүн дагы өркүндөтүп келген. Ал Книдостун мыйзамдарын жөнгө салуучу юрист жана өзү иштеп чыккан теориялар менен грек математикасын чокуга алып чыккан жана бүгүнкү астрономияга жол ачкан илимпоз. Теорияларды  ойлоп гана тим болбостон, туура эмес формадагы денелердин аянтын жана көлөмүн эсептөө жөнөкөй деп эсептеп чыгат.

Книдостук Евдокс ааламдын түзүлүшүнүн математикалык моделин сунуш кылган биринчи адам болгон жана ал бул эмгеги менен Кеплер менен Коперниктин жолун ачкан. Ал ааламдын тартибин түшүндүрүү үчүн байкоо жүргүзүү керек деп эсептейт. Евдокс байкоо,  эксперимент жүргүзүүгө негизделбеген идеяларды жана көз-караштарды четке кагат; Галилео менен Ньютон дагы анын жолун жолдошот. Ал Египетте узак убакытка калып, ал жерде лекция окуду жана астрономиялык байкоолорду жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул байкоолордун натыйжасында ал планеталардын бир калыпта, ал эми жылдыздардын мезгилдүү тартипте жылышын аныктайт. Ошондой эле топ жылдыздардын пайда болушун түшүндүрүп, жылдыз диаграммасын чийет. Евдокстун пикири боюнча, жер ааламдын борбору, бардык асман кыймылдары тегерек жана туруктуу мүнөздө болот. Асман телолорунун сфералык чагылдырылышы дагы анын идеясы жана ал ушул идея менен заманбап астрономияга жол ачкан. Миңдеген жылдар мурун Евдокс бир жылды 365 күн 6 саат деп аныктаган биринчи илимпоз болгон!

Евдокс математика жана астрономия сабагына чоң салым кошкон. Бирок, бул эки илим менен алектенбегендер аны жакшы билишпейт. Архимед, Евклид, Коперник жана Галилея белгилүү болсо да, аларга жол ачкан Евдокс белгисиз, ошондуктан ал татыктуу урмат-сыйга ээ эмес. Бирок, анын илимге кошкон салымы талашсыз.

Ал тарыхта ааламдын биринчи математикалык моделин сунуш кылат, өз замандаштарынан жүздөгөн жылдар мурун, көптөгөн математиктердин жана астрономдордун жол башчысы, ушул жерде туулуп-өскөн Книдостун Евдокусу ...



Тектеш кабарлар