Анадолунун алгачкылары - 14.2021

Артемида храмы.

1652860
Анадолунун алгачкылары  - 14.2021

“Үстүндө араба жүрүүчү бийик дубалдары бар Вавилондун асма-бакчалуу жүзүмзарларын, Алфейдеги Зевстин айкелин көрдүм... жана эбегейсиз чоң күндүн айкелин ...  эбегейсиз көп эмгек менен жасалган бийик пирамидаларды ... Мавзолостун  күмбөзүн ... көрдүм. Бирок Артемиданын булуттардын үстүнө курулган үйүн көргөндө, калган кереметтердин баары нуру өчүп, анын көлөкөсүндө калды. Мен ошондо: “Мына! Күн Олимптен башка эч жерде жана эч качан мынчалык укмуштуудай нерсени көргөн эмес!”, - деп ойлодум.

Бул Сидондук  Антипадердин сөздөрү. Ал бул сөздөрүн дүйнөнүн жети кереметинен бирөөсү болгон Артемида храмы тууралуу айткан экен… Сидондук Антипадер байыркы доордо саякаттап барган жерлериндеги өтө кооз жана тарыхый имараттарды аныктап, аларды "Дүйнөнүн жети керемети жөнүндө" аттуу китебинде жазып кеткен. Ал бул китебинде сөзсүз көргүлө деген өтө кооз архитектуралык курулуштар тууралуу маалымат берген. Бул идеяны алгач Геродот көтөргөн деп айтылганы менен, Геродот дүйнөнүн жети кереметин аныктай алган  эмес жана жазган да эмес. Байыркы доордун ошол белгилүү тизмесинин аныкталышында византиялык Филон дагы Антипадерге салым кошкон.  Филон дагы храмдан таасирленгени тууралуу :

«Мен байыркы вавилондуктардын күчтүү кол өнөрчүлүгүн жана Мавзолостун күмбөзүн көрдүм. Бирок мен булуттардын арасында көкөлөгөн Ефестеги храмды көргөндө, калгандарынын баары анын көлөкөсүндө калганын байкадым», - деп баса белгилеген.

Бүгүнкү берүүбүздө байыркы доордун адамдары мындай турсун, азыр деле сүрөттөрүн көргөн бүгүнкү күндөгү адамдарды таң калтырган укмуштуу архитектуралык имарат - Артемида храмы жөнүндө сөз кылабыз!

Хеопс пирамидасы, Вавилондун асма бакчалары, Зевс айкели, Родос айкели, Александрия маяктары, Король Мавзолостун күмбөзү (Галикарнас күмбөзү) жана Ефестеги Артемида Храмы - булар байыркы дүйнөнүн жети керемети катары аныкталган. Бул имараттар адамдардын кыял күчүнүн архитектуралык жана инженердик жаатындагы деңгээлин көрсөткөн укмуштуудай зор түзүлүштөр. Булар  укмуштуу имараттар, анткени алардын ар бири эбегейсиз чоң, убакыттын талабынан, чегинен алда канча аша түшкөн курулуштар! Баары көк тиреп тургандыктан алардын бийиктиктеринин алдында адамдар кумурскадай болуп көрүнөн. Балким, көк тиреген ушул кереметтүү имараттардын максаты, падышалардын же кудайлардын жер жүзүндөгү таасирин күчөтүү, адамдардын алсыздыгын баса белгилөө болгондур…

Байыркы дүйнөнүн ушул жети кереметинин ичинен Египеттеги Хеопс пирамидасы гана бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Калгандары тилекке каршы, убакыттын, табигый кырсыктардын жана адамдардын кесепетинен келип чыккан кыйроолорго туруштук бере алышкан эмес... Байыркы доордогу изилдөөчүлөрдүн жазууларына таянып тартылган же макеттери жасалган бул имараттарга караганда, албетте алардын көлөмдөрүнөн, өлчөмдөрүнөн жана алардын курулушуна сарпталган эбегейсиз эмгек күчүнөн таасирленбей коюу мүмкүн эмес. Ал эми чын чынына келгенде бул кереметтүү имараттардан адамдар кааласа эмнелерди гана жасап, эмнелерди гана кура ала турганын даана көрө алабыз. Анткени кудайлардын же падышалардын кудуретине басым жасаган бул кереметтүү имараттар адамдар тарабынан курулган!

Дүйнөнүн жети кереметинин экөөсү Байыркы  доордогу Анадолуда эле: алардын бирөөсү Король Маволостун урматына курулган Галикарнас күмбөзү, экинчиси дүйнөнүн жети кереметин аныктаган кишилерди да суктандырган Артемида храмы... Измирдин Селчук районунда жайгашкан храмдын тарыхы өтө эски.  Храмга таандык биринчи табылгалардын датасы акыркы коло дооруна таандык. Башкача айтканда, бул храм биздин эрага чейинки 1 100чү жылдарда динге кызмат кылган аймактын ичинде жайгашкан. Байыркы доорго келгенде Ефес порттору менен чоң соода борборуна айланып, ошол эски ыйык жайдын ордуна таштан жана жыгачтан жасалган колонналардан турган чоң храм курулган. Убакыттын өтүшү менен Ефес байыркы дүйнөнүн маанилүү жана кереметтүү порт шаарына айланган... Ошондой эле бул Азия менен Европанын ортосундагы көптөгөн жолдордун кесилишкен жеринен орун алган эң маанилүү шаарлардан. Биринчи алтын жана күмүш монеталарды чыгарган король катары таанылган Лидиянын королу Крез Ефести басып алгандан кийин, согуштун кесепетинен бузулган храмдын курулушуна каржылык жардам жөнөткөн. Ак мрамордон жана жүздөн ашуун колоннадан турган жаңы храм мурункусуна караганда төрт эсе чоң болуп курулган! Жер Ортолук деңиздин саясий жана соода борборунда жайгашкан храмда көптөгөн айкелдер бар, бирок эң негизгиси алтындан жана пилдин сөөгүнөн жасалган храмдын негизги элементи - бул Артемида айкели. Ефес Артемидасы улуу кудайлардын бири, балким эң улуусу. Анткени ал берекеттин, молчулуктун, түшүмдүүлүктүн жана төрөттүн символу... Кудай аялдын бул фигурасы өтө таасирдүү. Бул эстелик башында узун кооз таажысы бар, алдына кийик, арстан жана аарылар менен кооздолгон узун юбка кийген аял айкели катары жасалган. Анадолудагы эне кудайынын фигурасы Кибелеге физикалык жактан болбосо да, мааниси жагынан окшош. Мына ушул маанайда Ефестеги Артемида абдан маанилүү айкел. Ошондуктан бул Артемида храмы канчалык өрттөлүп жок кылынса дагы,  кайсы доордо болбосун дайыма кайрадан курулуп, калыбына келтирилип турган.

Байыркы Лидиялык саякатчы жана географ Паусания, Артемиданын маанилүүлүгүн мындайча билдирет:

«Бардык шаарлар Ефестеги Артемидага сыйынышат жана адамдар аны бардык кудайлардан жогору коюшат. Менин оюмча, мунун себеби -  анын сүрөтүнө курмандык чалууну салтка айланткан амазонкалардын атак-даңкы менен бул храмдын өтө эски тарыхка ээ болушу. Айрыкча храмдын адамдарга тийешелүү калган бүт эстелик жана имараттардан көлөмү жагынан чоң болушу, Ефес шаарынын мааниси жана ал жерде отурган аял кудайдын даңкы да Артемиданын маанилүүлүгүн арттырып турган үч өзгөчөлүк экени шексиз».

 Ошентип жылдардын өтүшү менен диндин жана ошондой эле сооданын борборуна айланган Артемида храмына, көптөгөн жылдар бою ар тараптан коноктор келип, курмандык чалып, соода кылышып турган. Күндөрдүн биринде атак-даңкка кызыккан жана атак-даңкка жетип эле калбастан кылымдар бою, ал тургай миңдеген жылдар бою эсте кала турган кылмыш кылуу аркылуу өлбөс боло аламын деп ойлогон көйрөң бирөө храмды өрттөп жиберген экен! Ефестиктер аябай ачууланып, ал адамды эң катуу жаза болгон өлүм жазасына тартышкан жана анын атын атагандарды дагы өлүм жазасы менен жазалай тургандарын жарыялашкан. Мына ошентип Геростраттын аты дагы Нерон сыяктуу тарыхта калып, жүздөгөн жылдардан кийин атак-даңкка жетем деген адамдар “Геростратик” деп айтыла баштаган. Балким атың чыкпаса жер өрттө деген сөз мына ушундан келип чыкаса керек.

Өрттөн кийин Артемида храмынын аябай чоң чыгымга учураганы ефестиктерди бир жактан катуу капалантып кайгыга салса, бир жактан да алардын кудайга болгон ишенимине доо кетирген. "Элдин өмүрүн, мал-мүлктөрүн ишенип тапшырып, баш калкалаган кудайы бул оттон кантип өзүн коргой албады?"- деген күдүк суроо туулат коомчулукта. Бул суроонун жообу узак убакытан кийин табылат. Көрсө ошол түнү кудай Артемида храмдан чыгып, Александр Македонскийди төрөтүү үчүн кеткен экен. Ошондуктан өрт өчүрүлө албай калган. Дароо эле храмды кайрадан куруу иштери башталат. Бул жолу храм мурунку көлөмүнөн бир жарым эсе чоңураак болуп курулат. Тарыхта болжол менен жети жолу кайрадан курулган Артемида храмы бул жолу дагы ушинтип күлүнөн кайрадан жаратылган экен!

   Жаңы дин катары христиан дини бир нече кылымдан кийин дүйнө жүзүнө жайыла баштайт. Бул жаңы дин алгач Ефесте каршылыктарга дуушар болсо да, Артемидага болгон ишеним көпкө туруштук бере албай, акыры 4-кылымда христиан дини кабыл алынган. Анан эски эркек жана аял  кудайларга орун берилбестен, Артемида храмы толугу менен талкаланган... Дарыя менен агып келген кумдуу ылайлар портту толтуруп, шаар деңизден алыстайт да Ефес мурунку даңазалуу күндөрүн артта калтырат.

Байыркы доордогу эң маанилүү борборлордон бири  деп эсептелген Ефес шаары Рим империясынын Азия аймагынын баш калаасы болгон. Өз убагында Ефес 200 миңден ашуун калкы жана архитектуралык байлыгы менен Рим менен атаандашкан. Хеттер, эллендер, римдиктер жана түрктөр отурукташкан Ефес шаары, ар башка цивилизациялардын жана ар кандай ишенимдердин мекенине айланган. Ефес шаарындагы байыркы дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Артемида храмы, Александрия жана Пергамумдан кийинки орунда турган байыркы доордун эң маанилүү китепканаларынын бири болгон Селкус китепканасы, ошондой эле 25 миң кишилик чоң театры анын эң көрүнүктүү жайларынан болуп саналат жана бул жерлер менен Ефес шаары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинен орун алган. Христиандар Сент Жохан Библияны ушул жерде жазды жана  Мариям эненин ушул жерлерде каза болгогуна ишенишет... Ефес тарых, дин жана архитектура жагынан орду толтурулгус маанилүү шаар.

Бүгүн Артемида храмынын ордунда жалгыз мрамор  колонна турат. Качандыр бир мезгилдердин белгилүү ыйык жайы жана дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп эсептелген бул храм согуштун, талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында көп жолу кыйрап көп жолу кайрадан курулса да бүгүнкү күнгө чейин бир гана мрамор колоннасы сакталып калган! Эгер сиз Ефеске барсаңыз уникалдуу имараттардан бири болгон Артемида храмын көрө албайсыз, а бирок оюңузду жана кыялыңызды эркин кое берсеңиз, ошол мезгилдердин атмосферасына кирип, храмдын жашаган доорлору менен башынан өткөргөн окуяларына күбө боло аларыңыз шексиз. Анткени байыркы Ефес шаары сизге өзүнүн башынан өткөн баардык тарыхын болгон көркөмү менен тартуулоого даяр…

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн программаны даяндаган  Неслихан Дегирменчиоглу.



Тектеш кабарлар