Түркиянын Польшага Байрактар ТБ - 2 учкучсуз аба аппаратын сатуусуна байланыштуу келишим

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1651718
Түркиянын Польшага Байрактар ТБ  - 2  учкучсуз аба аппаратын сатуусуна байланыштуу келишим

Түркия менен Польшанын ортосунда 24 даана Байрактар ТБ – 2 куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын сатылышына байланыштуу түзүлгөн келишим кайрадан көңүлдөрдү Түркияга бурду. Оболу Катар, Ливия, Украина жана Азербайжанга сатылган Байрактар ТБ-2 куралдуу учкучсуз аба аппараттары бул келишим менен биринчи жолу бир НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөгө экспорттолгон болду. Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен учкучсуз аба аппараттарына көрсөтүлгөн эл аралык кызыгуунун көбөйүү менен улантылышында жана Польшанын да бул платформаны тандашынын артында айрым себептер бар.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Оболу түрк  коргоо өнөр жайынын продукцияларынын чыныгы аскердик чөйрөдө натыйжалуу колдонулушу жана ийгиликтүү жыйынтыктарды бериши, эл аралык базарда  жогорку атаандаштык күчү болгон курал системаларга айланышына салым кошту. Бул жагдайда түрк учкучсуз аба аппараттары жана куралдуу учкучсуз аба аппараттары палтформалары алдыңкы орунда турат. Сирия, Ливия жана акыркы жолу Тоолуу Карабах сыяктуу түрдүү кагылышуу чөйрөлөрүндө Байрактар ТБ – 2 системалары көрсөткөн жогорку ийгилик эл аралык кызыгуунун жогорулашына шарт түздү. Жогорку жөндөмдүүлүккө ээ болгону болжолдолгон орус абадан коргоо систамаларынын Байрактар ТБ -2нин алдында таасирсиз болушу, куралдуу күчтөр доктриналарынын негизинде жаңы талкуулардын ортого чыгышына себеп болду.

Түрк учкучсуз аба аппараттары жана куралдуу учкучсуз аба аппараттары платформаларынын тажрыйбасы бул платформалардын бир гана чалгындоо жана  байкоодо гана эмес ошол эле учурда аба/ ракета коргонуу системаларын басуу же душмандын брондолгон бөлүктөрүнүн таасирсиз абалга келтирилиши сыяктуу иштерде да ийгиликтүү боло аларын ортого салды.  

Түрк коргоо өнөр жайынын продукцияларын эл аралык коргонуу базарында атаандашкан абалга алып келген башка бир негизги жагдай экономикалык жактан натыйжалуу чечимдерди сунуш кылгандыгында. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн арасында Америкада жасалган учкучсуз аба аппараты жана куралдуу учкучсуз аба аппараты системаларынын үстөмдүгү күчтүү болсо дагы, бул платформалардын АКШнын өзүнүн колдонуусу үчүн кымбат баалуу системалар экендиги белгилүү.

Бир тараптан Америка мыйзамдары боюнча мындай платформалардын экспортуна карата олуттуу көзөмөлдөө жана тоскоолдуктардын болушу да ала турган өлкөлөрдү баш тарттыруучу таасир жаратууда. Ушуга карабастан түрк учкучсуз аба аппараттары менен куралдуу учкучсуз аба аппараттары сисетамалары дагы ылайыктуу баада алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылууда.

Түркия менен Польшанын ортосунда түзүлгөн келишим   курал сатуунунун тышында айрым геополитикалык жыйынтыктарды да чыгаруу потенциалына ээ болууда. Оболу Польшанын бир НАТОго мүчө өлкө болушу, келишимдин Түркия  -  НАТО карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшү менен бирге НАТО ичиндеги кызматташуу рухун да арттырган таасир жаратууда. Бир тараптан Польшанын да Украина сыяктуу эң чоң коркунуч катары көргөн өлкөнүн Россия болушу бул сатышты маанилүү кылган башка бир себепти түзүүдө. ТБ -2нин Украинадан кийин Польшага сатышы Россиянын саясаттарына каршы так бир кыймыл мүнөзгө ээ болууда. Ушул мааниде Россияга коңшу Түркия менен создаш өлкөлөрдүн потенциалын жогорулатуу жана өркүндөтүү Россиянын иш-аракет чөйрөсү анчалык кең эмес экендигин көрсөтөт. Бул  жагынан Россиянын Түркияга карата сыны болсо да Анкаранын бул сындарды көрбөстүккө салганы  көңүл бурулушу керек болгон жагдай.



Тектеш кабарлар