Буларды билесиздерби?

"19 - Май"

1644745
Буларды билесиздерби?

Ататүрктүн 1919 -  жылы Анадолудагы улуттук күрөштү баштоо үчүн Самсунга барган 19 -  майга «туулган күнүм» деп айтканын билесиздерби?

Түрк улуттук көз карандысыздык күнү катары кабыл алынган 1919 -  жыл 19 -  Май Түркия республикасына карай кеткен жолдун да алгачкы кадамы. Мекенин жана элин сүйгөн Мустафа Кемал Ататүрк улутунун кайрадан төрөлүшүнүн символу болгон бул манилүү күндү өзү үчүн да туулган күнү экендигин айткан.

1936 -  жылы Британия королунун каалоосу менен Британия элчиси расмий бир жазуу менен президент Ататүрктүн туулган күнүнүн билдирилишин суранат. Бирок Ататүрк төрөлгөндө туулган күнү катталган эмес. Ошондуктан Ататүрк түрк улутунун кайрадан төрөлүшү катары белгилеген 19 -  майды «туулган күнү» катары тандайт. Ошол эле жылы Британиянын королу да 19 -  майда Ататүрккө «туулган күнүнөн» улам куттуктоо телеграммасын жиберет.

1928 -  жылы биринчи жолу Стамбулда өткөрүлгөн «Гимнастика шаан  - шөкөттөрү» 1936 – жылы 19 -  майга туш келтирилет жана «жаштар майрамына» айланат. 1938 -  жылы улуттук майрам катары жарыяланган жана жыл сайын белгилене баштаган 19 -  май 1981 -  жылдан тарта «Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт» майрамы деп аталып келе жатат.



Тектеш кабарлар