Жаңы  бир Жакынкы Чыгыш

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун Жакынкы Чыгыш тууралуу пикири.

1639552
Жаңы  бир Жакынкы Чыгыш

АКШдагы бийлик алмашуунун Жакынкы Чыгышка олуттуу таасири тийгендей көрүнүүдө. Өзгөчө да Трамптын колдоосун жоготкон мураскер принц саясий позицияларын карап жатат. АКШ  -  Иран өзөктүк сүйлөшүүлөрү кайрадан баштатылып, өзгөчө Израилдин катуу каршы чыгуусу жана провокациялары менен бетме  - бет. Түркия болсо бул жаңы теңдеме кызыкчылыгын максималдаштыруу аракетинде.

Жакынкы Чыгыш дүйнөдөгү эң динамикалуу аймактардын башында турат. Аймакта туруктуулуктан эмес хаостон сөз кылууга болот. Жакынкы Чыгыш тилекке каршы кагылышуулар менен  күч күрөштөрүнүн таасири менен калыптанган бир аймак. Өзгөчө тышкы кийлигишүүлөр пайда кылган хаостон сөз болууда. Жакынкы Чыгыш мамлекети болбосо да Түркия аймактагы абалдардан таасирленүүдө. Ушунун негизинде өзгөчө АКШда  бийлик алмашкандан кийин аймак саясатында олуттуу бир динамизм жана ревизионизм бар. Бирок дагы позитивдүү таасиринен сөз кылууга болот. Бир тараптан Байден Америкасынын Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү башташы жана Иранга карата кысымды азайтуусу бир тараптан да Трамптын кылганынындай эмес, Сауд жана Бириккен Араб Эмираттарынын мураскер принцтерине берилген колдоону азайтышы аймактагы тең салмактуулукка таасирин тийгизди.

Израиль жана Булуң өлкөлөрү олуттуу тынчсызданууда. Бирок учурдагы абалдарга башкача жооп берүү аракети ичинде экендиги көрүнүүдө.  Израиль таштаган кадамдары менен түздөн түз АКШ  -  Иран арасындагы мамилелердин жумшоосуна тоскоол болууну каалап жатат. Иранды түздөн түз өз жеринде жана Сирия сыяктуу өлкөлөрдөгү элементтери аркылуу бутага алууда. Булуң жана Кызыл деңизде да эки өлкө бири бирине таандык кемелерди бутага алууда. Бирок Иран ушул кезге чейин Израилдин негизги максаты болгон  бир эскалациядан алыс турууну тандап жатат.

Булуң өлкөлөрү болсо АКШнын Трамп мезгилинде сунуш кылган коргоо чатырына эми ишенбей тургандыгын билип башка жол издөөгө киришти. Оболу Катар блокадасынан артка кадам таштап бул өлкө менен калыбына келүү процессин баштатышты. Түркияга болгон мамилелеринде да олуттуу бир жумшаруу байкалды. Азырынча саясатка айлана элек болсо да белгилер ачык ортодо. Түркиянын аймактын эң негизги өлкөлөрүнөн бири катары бул алмашуу жана кайра карап чыгуу аракетине кайдыгер эмес экендигин көрүүдөбүз. Трамп мезгилинде Түркияга каршы болгон өлкөлөр менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүү үчүн ар кандай өз алдынча аракеттер бар. Президент Р. Т. Эрдоган Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз менен  телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп негизги сүйлөшүүлөр Египет менен улантылууда. Түркиядан бир делегация Каирде маанилүү жолугушууларды өткөрдү жана эки өлкө тең жоготуу  түрмөгүнөн чыгып жалпы кызыкчылыктарга басым жасап жатат. Албетте Ливияда саясий чечүүчү жол процесси да карым  - катнаштарга оң багытта таасир берүүдө. Бул абалдардын негизинде Жакынкы Чыгышта өлкөлөрдүн саясий позицияларына таасир бере турган жаңы бир процесстин ичинде экенибиз белгилүү. Бардык өлкөлөр тигиндей же мындай болгон жерди жана абалдарды кайрадан карап чыга тургандай көрүнүүдө. Жакынкы мезгилде кагылышуулар бир канча убакытка токтошу мүмкүн. Бирок  Израиль менен Ирандын таштай турган кадамдары ушул негизде маанилүү. Эки өлкөнүн ортосунда боло турган ыктымалдуу кагылышуу, аймактын баарына терең таасирин тийгизет жана жайылуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Түркия үчүн Ирак жана Сирияда террор менен күрөшүү боюнча операциялардын улантыларын айта алабыз.

 

 



Тектеш кабарлар