Буларды билесиздерби?

«Антеп мистеси»

1637463
Буларды билесиздерби?

Түркиянын дүйнөдөгү негизги Антеп мистесинин өдүрүүчүсү экендигин билесиздерби?

Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Газиантеп шаары жөнүндө сөз болгондо, биринчи болуп эске келген нерсе,  өлкөнүн атагын чыгарган мисте болот.

Түркиядагы алгачкы мисте бизнеси Газиантепте негизделгендиктен Орто Азия тектүү бул продукция Антеп мисетси деп аталып калган. Жаңы тигилген Антеп мистеси 10 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Ар бир дарак башына орто эсеп менен 10 килограмм түшүм берет. Орточо өмүрү 100 – 150  жыл.

Кондитердик азыктарда жана десерттерде колдонулган мисте энергия булагы болуп саналат. Өпкөнүн сезгенүүсүн дарылоодо абдан пайдалуу. Көкүрөктү жумшатып, ооруларды жеңилдетет жана жөтөлдүн токтошуна жардам берет. Өзгөчө кандагы холестерин деңгээлин түшүрүп, өнөкөт жүрөк оорусунун пайда болуу коркунучун азайтат. Курамындагы B6 витамини рактын түрлөрүн жана инфекцияларга да тоскокол болот. Курамында адамдын организминин тамак-ашка болгон негизги талаптарын канааттандыра турган компоненттер болгон  мисте организмдин физиологиясына жана зат алмашуу функцияларына оң таасирин тийгизгендиктен, "функционалдык азык" катары кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар