Ден-соолуктун башаты-8

Түркиянын Ван шаарындагы Йүзүнжү Йыл университетинин “Дурсун Одабаш” атындагы ооруканасында травматология жана ортопедия бөлүмүндө эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор-ординатор Улан Исмаиловдун маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1625161
Ден-соолуктун башаты-8

        Урматтуу интернет колдонуучулар, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү уктуруусунда ортопедия жана травматология бөлүмү жана ошондой эле Туркиянын медициналык электрондук системасына таянган дарылоо системасы тууралуу маек болмокчу.   

       Бул программабызда  Түркиянын Ван шаарындагы Йүзүнжү Йыл университетинин “Дурсун Одабаш” атындагы ооруканасында травматология жана ортопедия бөлүмүндө эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор-ординатор Улан Исмаиловдун маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова:

        Суроо: Саламатсызбы, Улан мырза. Алгач убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Түркияга кандайча келип иштеп калдыңыз?

        Жооп: Саламатсыздарбы, мен Исмаилов Улан Марсбекович. 2013-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын дарылоо факультетин бүтүрүп, Бишкектеги Тровматология жана Ортопедия илим изилдөө борборунда эки жылдык ординатурадан өттүм. Азыркы учурда Түркиянын Ван шаарындагы Йүзүнжү Йыл университетинин Дурсун Одабаш атындагы ооруканасында травматология жана ортопедия бөлүмүндө төртүнчү жыл ординатурадан өтүп жатам. Университетте окуп жүргөн кезимде эле чет мамлекетте билим алуу ар дайым оюмда бар эле. Жаңы технологиялар, жаңы методикалар жана жаңы жабдыктар менен иштеп үйрөнүү максатында Түркияга келип калдык.

        Суроо: Өзүңүздүн кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Ал жакта кандай тартип менен иштейсиздер? Мекендештерибизден кайрылып тургандар болобу сизге?

        Жооп:  Ван шаары Түркиянын чыгышында жайгашкан чоң шаарлардын бири болуп саналат. Биздин иштеген ооруканага Вандын тегерегиндеги Хаккари, Битлис, Сиирт, Муш, Агры сыяктуу областтардан келген бейтаптар көп. Ошондой эле коңшу өлкө болгон Иран, Ирак, Армениядан келген бейтаптар да жок эмес. Кыргыстандан келип дарыланган бейтаптарыбыз өтө чанда кездешет. Себеби Ван шаары Стамбулдан бираз узакта жайгашкан шаар. Бирок, 130 км узактыкта кыргыз айылы болгон Улу Памир айылы жайгашкан. Ар кандай травматологиялык, ортопедиялык жаракаттар менен дарыланган кыргыз туугандарыбыз көп келишет. Ошондой эле, ортопедия бөлүмү ичине көп ооруларды камтыган бөлүм. Мисалы: ок атышуу, авто кырсыктар, бийиктиктен кулап кеткен сыяктуу оор жаракаттар менен келген бейтаптарыбыз да көп. Ошого жараша жеке эле ортопедияда эмес Түркияда бардык хирургия бөлүмдөрүндө ординатурада тартип аскердеги сыяктуудай эле катуу. Мисалы, кичинекей ката үчүн дагы белгиленген атайын жазалар бар. Андан тышкары, ординатурада билимге өтө чоң маани берилет. Мисалга алсак, ар кандай жаныбарларда эксперименттерди жүргүзүү, илимий иштерди алып баруу сыяктуу. Ар бир жума күндөрү биздин бөлүмдө атайын профессорлор жана доцент агай, эжейлерибиз менен бирге бир теманын үстүндө презентациялар жүргүзүлөт жана талкуулар жүргүзүлүп илимге көп көңүл бурулат.

        Суроо: Түркияда ооруканаларга кайрылганыбызда бейтапты идентификациялык номерлери менен электрондук системага каттап дарылашат эмеспи. Ушул тууралуу бизге кеңири маалымат бере аласызбы?

        Жооп: Ооба, туура айтасыз. Түркияда бардык ооруканаларда электрондук система менен иш жүргүзүлөт. Электрондук системага бейтаптын бардык кыймыл-аракети каттого алынат. Кайсы ооруканага качан келгени, кандай оорулар менен ооруганы, кандай операциялар жасалганы, кайсы бөлүмгө келгени, мына ушулардын бардыгы тууралуу кыска убакыт ичинде маалымат алсак болот. Синхронизациялык электрондук система аркылуу бейтаптын Түркиянын кайсы булуң-бурчу болбосун берген анализдеринин жыйынтыгы, рентген кагаздары, МРТ, томография жыйынтыктары жана ошондой эле майыптык кагазы, вакцина кагазы болбосун бардык медициналык кагаздарынан кыска убакыт ичинде маалымат алсак болот. Ошондой эле, Туркиянын жарандары атайын медициналык камсыздоого, каттоого алынат. Бардык медициналык кызматтар, медициналык операцияларын бардыгы ошол медициналык камсыздоо тарабынан төлөнөт. Ошондуктан бейтаптын ооруканага киргенден чыкканга чейинки бардык колкаптан баштап ортопедиялык протезге чейин бардыгы электрондук системага жазылат. Бул иштер үчүн атайын каттоодо адистер иш алып барышат. Ал эми доктор жалгыз бейтаптын абалы, оорусу менен алектенет. Башка нерселерди ойлонбойт. Ошондой эле, доктор үчүн электрондук кол коюу, электрондук рецепт жазуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул да маанилүү. Мисалы, бейтап доктордун рецепти болбостон аптекадан дары-дармек ала албайт. Бул калк арасында керексиз антибиотик колдонууну, керексиз анальгетик колдонууну көзөмөлдөө үчүн чоң мааниге ээ. Ал эми доктор фармацефттин ишин дагы өтө жеңилдетет жана юридикалык жактан жоопкерчилиги дагы чоң мааниге ээ.

        Суроо: Улан мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

        Жооп: Сиздерге  дагы чоң рахмат. Саламатта калыңыздар.

        Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден-соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 

 

 



Тектеш кабарлар