Анадолунун алгачкылары - 5.2021

Троя согушу жана биринчи сулуулар сынагы.

1618675
Анадолунун алгачкылары  - 5.2021

Мифология менен уламыштар көпчүлүк учурда кызыгуубузду тартат. Чындыкта болбогондугун билсек дагы бир жерде бизди өзүнө тартат. Айтылгандар кээде күч жана каармандыктын үлгүсү, кээде  теңирлерге каршы чыккандардын башына келгендер... Бүгүн Анадолунун алгачкыларында мифологиялык окуя жана  бул окуя менен байланышы бар согуштан сөз кылабыз. Андан кийин согуш башталган күндүн алгачкы сулуулук жарышынан жана албетте ал белгилүү согуш, Троя согушунан сөз кылабыз.

Тарыхтын алгачкы сулуулук жарышынын азыркы күндөн 4000 жыл мурда өткөрүлгөндүгү айтылат. Кудайлардын арасында болгон бир келишпестикке себеп болгон бул мифологиялык окуя болгон жер Чанаккале жана Балыкесирдин ортосунда жайгашкан Каз тоолору. Ида деп да билинген бул тоо Түркиянын кычкылтекке бай бийик аймактарынын бири.

Грек мифологиясына караганда баш аламандыкка  алып келиши мүмкүн болгон келишпестик кудайы кудайлар арасындагы тойго чакырылбайт. Буга абдан кыжырданган келишпестик кудайы  той болгон жерге «эң сулууга» деп жазылган алманы алып келип таштайт. Муну менен үч чоң кудай тактап айтканда  Атена, Гера жана Афродитанын ортосунда талаш  - тартыш чыгат. Эң сулуу ким экендигин тастыктоо үчүн Зевске кайрылышат. Бирок Зевс бул иш үчүн Каз тоолорунда жашаган Пэристи милдеттендирет. Эң сулуу кудай болуу үчүн Гера ааламдын падышасы, Атена согушта жеңилбестикти, Афродита болсо аялдардын эң сулуусу Елендин махабатын убада кылат. Пэрис үчүн жеңилбестик да ааламдын падышасы болуу да маанисиз эле. Пэрис Елендин махабатын каалайт жана Афродитаны жарыштын биринчиси деп жарыялайт. Жарыштан кийин Пэрис Афродитанын жардамы менен Еленди уурдап качат жана ошенти Троя согушу башталат. Анткени дүйнөнүн эң сулуу аялы Елен Спарта королу Менелостун аялы болгон.

Байыркы доордун белгилүү акыны Гомер Иллиадада мына ушул согуштан сөз кылат. Гомердин айтымында бул жарыш тарыхтагы алгачкы сулуулук жарышы. Андан кийин башталган Троя согушу да чыгыш менен батыштын ортосундагы алгачкы согуш. Уламышка караганда кудайлардын кудайы Зевс өлүм жана кыйроолорго себеп болгон Троя согушун Каз тоолорунан иликтейт тактап айтканда окуялар башталган жерден. Бул айтылган окуя дүйнөнүн эң эски каармандык дастаны болгон Илиададан алынды.  Андай болсо чындыгында ушундай согуш болду беле, Троя деген жер жана троялыктар бар беле?

Узун убакыт эпикалык чыгармада орун алуусунан улам Троянын кыял күчүнөн жаралган жер жана айтылгандардын да бир фантазия экендиги болжолдолуп келди. Анткени жеңилбес каармандар, кудайлар, бири биринен  башка каармандык баяндар менен кандуу кагылышуулар, өлүм  - житимдер менен трагедиялуу  бүтүш бар эле Иллиадада. Дастан элементтерин камтыгандыктан адабий чыгарма катары каралган. Бирок балким да уламыштардын сыйкырына кабылып,  балким да толугу менен башка бир себептер менен Троянын чындык экендигине ишенген жана шаарды табууну ойлогон бири болгондур. Иллиада дастанын көп жолу окуп,  өзүнө жол көрсөтүүчү катары тандаган немис соодагер Генрих Шлиман Трояны табуу үчүн Анадолуга келди. Андан мурда британиялык бир консул тарабынан дөбө деп аныкталган жана Хисарлык дөбө деп билинген аянтта казуу иштери башталды. Шлиман археолог эмес эле, шаарды таап бай болууну көздөгөндүктөн бир гана кызыгуусун тарткан нерселерге гана көңүл бурду. Табылган дубалдардын ишин жайлаткандыгын ойлоп кулатты.  Келтирген зыян жана кыйратуунун канчалык чоң экендиги кийинчерээк ортого чыкмак. Казуулар башталгандан кыска убакыттан кийин шаардын жети катмарлуу экендиги белгилүү болду. Улантылган казуулардын жыйынтыгында Хисарлык дөбөдө бири биринин үстүнө курулган 10 Троя катмары ортого чыгарылды. 2019 -  жылы археологдор  шаардын тарыхын 600 жыл мурункуга алып бара турган бир катмар дагы табышты. Трояда ар кандай мезгилдерге таандык элүүдөн ашуун курулуш фазалары аныкталды. Ушул өзгөчөлүгүнөн улам Европада жана Батыш Анадолудагы археологиялык жерлер үчүн таяныч пункту болду.

Адистердин айтымында, Троядагы 11 катмар түбүнөн баштап эсептелгенде, 7 - катмар Гомердин эпосунда айтылган "Троя" болуп саналат. Археологиялык  калдыктарда табылган зордук-зомбулук жана кыйратуучу өрттүн издеринин кездешилишин шаарда чындыгында согуштун болушу менен байланыштырышууда. Троя ар дайым стратегиялык абалга ээ эле. Гомердин айтканындай сулуу Елен үчүн болбосо да байлыгы, абалынан улам чыныгы турмушта көптөгөн жолу  алынууга аракет кылынды жана шаар согуштарга сахна болду.

Бүгүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган Троя байыркы шаары тарыхы, уламыштары, окуялары, баш  -  аламан жана бай түзүлүшү менен дүйнөнүн эң белгилүү археологиялык аймактарынын бири. Троя казуулары 3500 жылдык тарыхы менен Анадолунун батышында жайгашкан цивилизацияларга жарык чачууда. 150 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келе жаткан казууларга 20 өлкөдөн 350дөн ашун окумуштуу катышты жана бул сан күн өткөн сайын артууда.

Троядан сөз кылып жатып уникалдуу Троя казыналарынан сөз кылбай коюу мүмкүн эмес. Шлиман Троянын чындык экендигин далилдеди бирок муну менен эле калган жок. Бул жолу китептерде жазылган бир королдук казынасынын артынан түшөт. Балким башынан бери эле оюндагы нерсе ушул болсо керек. Казынаны таап жана баюу. Бул үчүн көптөгөн акча жумшап, убакыт коротот. Акырында кольелер, сөйкөлөр, таажылар, алтындар жана башка баалуу таштардан турган казынаны табат. Осмон мамлекетинин кызматкерлерине тапшыруунун ордуна эч кимге кабар бербестен казынаны таандык болгон жерден алып өлкө тышына уурдап качат. Оболу Грецияда андан кийин Францияда сатууна каалайт бирок акча тууралуу келише албайт. Андан кийин орустар менен сүйлөшөт. Бир канча убакыттан кийин бул унутулат. 90 -  жылдардын башында Москвадагы Пушкин көркөм өнөр музейинде ортого чыкканга чейин көптөгөн жылдар казынанын кайда экендиги билинбейт жана мунун бир уламыш экендигине ишениле баштайт. Мезгилдин өнөрүн, көркөмдүүлүгүн көз алдына алып келген бул баа бычылгыс  казына Германия жана Россиянын ортосунда кризиске себеп болот. Казына Анадолудан чыгарылып уурдалган бирок казынага ээ чыгууну каалагандар Германия менен Россия. Бүгүн археологиялык чыгармалар табылган өлкөгө таандык экендиги айтылса да бул уникалдуу кызынадан 24 гана алтын буюм Түркияга тапшырылды. Троя казыналарынын эртерээк таандык болгон жерге кайтып келиши керектигин бул жерден дагы бир жолу айта кетели.

Троя кылымдар бою адамдарды таң калтырып келген жана айтылгандардын чындыгы тууралуу шектенүүлөр болду.   Балким, эң кызыгы, бул чынбы же жокпу, Троянын жыгач аты! Согуштун жүрүшүн өзгөрткөн жоокерлерге толгон алп жыгач ат жөнүндө сөз кылган Гомер, бирок бул көрсөткүч Иллиадада эмес, бул жолу Одессяда сөз кылат.  

Изилдөөчүлөр Троя аты тууралуу көптөгөн теорияларды ортого салышты. Айрым изилдөөчүлөр аттын гректер Трояга келе жатканда отурган кемелер үчүн колдонулган бир метафора экендигин айтса айрымдары хетты архивдеринде  «жырткыч эшек» же «бир мүйүздүү жаныбар» сыяктуу аттар менен аталган согуштук  машиналарга окшоштуруп жана аттын бир согуштук унаа экендигин белгилешүүдө.  Миңдеген жылдан кийин Гомердин дастанындагы Троянын чындык экендиги далилдениши сыяктуу жыгач аттын да бар же жок экендиги балким бир күн ортого чыгар, ким билет?

Троя көптөгөн жолу өрттөнгөн, кулатылган, жер титирөөлөрдө, согуштарда жер менен жексен болгон байыркы бай шаарлардын бири. 5500 жылдык тарыхы менен Анадолу жана Европа цивилизациясынын өнүгүшүнө жол башчылык кылат. Чыгыш менен батыштын ортосундагы биринчи согушту, байыркы дүйнөнүн эң байыркы баатырдык дастаны жана алгачкы сулуулук жарышынан сөз кылдык.



Тектеш кабарлар