Буларды билесиздерби?

"Юунус Эмре жылы"

1601508
Буларды билесиздерби?

ЮНЕСКОнун 2021 -  жылды «Юнус Эмре жылы» деп жарыялаганын билесиздерби?

ЮНЕСКО коомдор арасында тынчтыкты, түшүнүшүүнү жана жакындашууну өнүктүрүү үчүн мүчө мамлекеттердин дүйнөлүк мааниге ээ болгон кишилерин же тарыхый окуяларды эскерүү жана белгилөөнү өз ичинде камтыйт. ЮНЕСКО бул өзгөчөлүктөрүнөн улам 2021 – жылы Юнус Эмренин өлүмүнүн  700 -  жылына орун берди жана бүткүл дүйнөдө «Юнус Эмре жылы» деп жарыялады. Юнус Эмренин төрөлөшүнүн 750 – жылы да 1991 -  жылы ЮНЕСКО эскерүү жана белгилөө  жылдарында орун алган.

Юнус Эмре ырлары менен адам жана табият сүйүүсү, оптимисттик, бир туугандык жана тынчтык түшүнүктөрүн эң туура түркчө менен түшүндүрүп тил, дин, улут дебестен бардык адамзатка үн салган. «Жетимиш эки улутка бир көз менен кароо» принциби жана дүйнөлүк адамзаттык баалуулуктар боюнча курулган философия менен дүйнөлүк гумманизмге салым кошуп, адамдарды орток баалуулуктардын айланасында бириктирип доордун  эң алдыңкы акыны болгон.

Бир тобуна обон чыгарылган Юнус Эмренин ырлары чет элдик өнөрпоздордун да кызыгуусун тарткан. «Адилеттиктен келген шербет» аттуу ыры Грэмми сыйлыгынын ээси Кристофер Тин тарабынан 2013 -  жылы обонго салынып, президенттиктин симфониялык оркестры менен америкалык Джонатан Гриффит хорунун коштоосунда түрк тилинде аткарылган.



Тектеш кабарлар