Россияда митингдер уланууда

Евразия күндеми-6

1581965
Россияда митингдер уланууда
Aleksey Navalniy.jpg
rusya navalniy.JPG
navalny.jpg
rusya navalnıy gösteri.jpg

Урматтуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Россияда болуп жаткан мыйзамсыз митингдер тууралуу кеп салабыз.

Үcтүбүздөгү жылдын 17-январь күнү россиялык оппозиционер Алексей Навальный Берлинден Москвага кайтканда шарттуу абак жазасынын эрежелерин бир канча жолу бузду деп айыпталып, камакка алынды. Россиядагы оппозиционерлер 23-31-январь жана 2-февраль күндөрү Навальныйды колдоого багытталган нааразычылык акцияларын өткөрүштү. Бул мыйзамсыз митингдер Россиянын дээрлик бардык шаарларында болду. Мындай ири масштабдуу нааразычылык акциялары Россияда акыркы жолу 2012-жылы болгон эле.

Үcтүбүздөгү жылдын 2-февраль күнү Алексей Навальный Москвада болуп өткөн сотто 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Москвадагы сот жыйынына батыштын жыйырмага жакын мамлекетинин дипломаттары катышышты. Россиянын Федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Климов сот жыйынына чет жердик дипломаттардын катышканы Навальныйдын “чет мамлекеттердин адамы” экенинен кабар берет деген жоромолун айтты. Мамлекеттик думадагы бардык партиялар Навальныйды өлкөнүн эң кооптуу душманы деп табышты.

Батыштын мамлекеттери сүйлөшүп алгандай бир ооздон Навальныйдын бошотулушун талап кылышууда. Германиянын канцлери Ангела Меркел аталган сот чечими укуктук мамлекет үчүн туура келбей тургандыгын, Навальныйдын дароо бошотулушу керектигин жактап чыкты. Франциянын Президенти Эмманюэль Макрон сот чечимин кабыл алуунун мүмкүн эместигин жарыялады. АКШ Президенти Жо Байден Навальныйды дароо, шартсыз түрдө боштондукка чыгарылышын талап кылды. Брюсселден да ушундай тариздеги билдирүүлөр жасалды. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Жо Байден лидерлигиндеги бийликтин Россияга жаңы санкциялар киргизүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.

5-февраль күнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги “23-январда мыйзамсыз митингге катышкан” деген жүйө менен Германия, Польша жана Швециянын 3 дипломатын “персона нон грата” деп жарыялаганын жана алардын жакынкы күндөрдө Россиядан чыгарыларын билдирди.

Ошол эле күнү Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел менен болгон жолугушуусунун соңундагы басма сөз жыйынында Россия үчүн Евробиримдиктин ишеним жаратпаган өнөктөш экендигин жарыялады.

Урматтуу окурмандар, Россиядагы оппозиция дем алыш күндөрү мыйзамсыз митинг өткөрүү методун тандап алышты. Бул метод буга чейин Хабаровск шаарында жана Беларусияда тажрыйбаланып, оппозиция үчүн ийгиликтүү деп табылган. Азырынча Россиядагы окуялардын кандай өңүттө өнүгө тургандыгын айтуу кыйын. Бирок мындай митингдер күзгө чейин уланышы ыктымал. Анткени күзүндө Думага шайлоо болот. Жергиликтүү кеңештер үчүн өткөрүлгөн акыркы шайлоодо Навальныйдын санаалаштары  кандайдыр бир ийгиликке жетишкен. Ошондуктан күзүндө боло турган шайлоодо жеңишке жетишүү орус бийлиги үчүн аябай маанилүү болуп саналат.

Окуялардан байкалгандай эле, Навальныйдан улам Россия-Батыш тиреши чыңалып жатат. Мындан кийинки дем алыш күндөрү орусиялыктардын мыйзамсыз митингдерге чыгып чыкпашы же болбосо мыйзамсыз митингдерге чыккандардын саны канча экендиги Россиядагы окуялардын нугун белгилейт десек жаңылышпайбыз. Ал эми эл аралык аренада Батыш Россияга жаңы санкциялар киргизиши мүмкүн.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар